Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Приказ Государственного агентства по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров КР от 12 августа 2026 года № 01-23/227 "Об утверждении перечня случаев и ситуаций, по которым имеется риск возникновения коррупции в Государственном агентстве по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-08-12.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 12-августундагы № 01-23/227 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| | БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 11-январындагы № 01-25/3 буйругу |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын ТИЗМЕГИ
| № | Мамлекеттик органдын функциясы (ыйгарым укуктары) | Коррупциянын пайда чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппаратынын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин аталышы) | Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундар | Башка мамлекеттик органдарда/ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (мүмкүн болсо, кайсы экенин көрсөтүңүз) |
| 1. | Бош административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди уюштуруу жана тестирлөө | Кызматкерлер тестирлөөнүн катышуучулары менен түздөн-түз байланышы жана тил табышуу мүмкүнчүлүгү | Потенциалдуу | Жогорку | Тестирлөө бөлүмү, аймактык башкармалыктар | Бөлүмдүн башчысы, бөлүмдүн кызматкерлери, - тестирлөөгө жооптуу аймактар аралык башкармалыктын кызматкерлери | Бул тобокелдик кадрларды тандоододогу иш-аракеттерге байланыштуу мамлекеттик органдарга тиешелүү |
| 2. | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат өтөө чөйрөсүндө мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүү | - Аныкталган бузууларды жашыруу коркунучу; - Мониторинг жүргүзүүдө табылган мыйзам бузуулар толук көрсөтүлбөшү; - Бузууларга жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартууга контролдун жоктугу; - Материалдык пайда алуу. | Потенциалдуу | Жогорку | Мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмү, аймактык башкармалыктар | Бөлүм башчы, бөлүмдүн кызматкерлери, аймактар аралык башкармалыктардын кызматкерлери | Бул тобокелдик Агенттиктин ишине тиешелүү |
| 3. | Кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө донордук жардамды координациялоо | Конкреттүү бир адамдын кызыкчылыгын лоббирлөө коркунучу | Кырдаалдык | Жогорку | Эл аралык кызматташтык жана уюштуруу иштери бөлүмү | Бөлүм башчы, бөлүмдүн кызматкерлери | Бул тобокелдик Агенттиктин ишине тиешелүү |
| 4. | Контролдоо жана мониторинги сактоо жол-жоболор мамлекеттик сатып алуулар жана камсыздоо айкындуулук мамлекеттик сатып алуулар | - Жабык маалыматты үчүнчү жактарга берүү тобокелдиги; - Документтерди конкреттүү жеткирүүчүнүн спецификациясына даярдоо; - Сатып алуу жөнүндө толук эмес же ар кандай маалыматтарды берүү, сатып алуу жөнүндө документтерге шилтемелер менен түшүндүрмөлөрдү алмаштыруу; - Комиссия мүчөлөрүнүн тендер маселелерин билбегендиги. | Кырдаалдык | Жогорку | Финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү, аймактык башкармалыктар | Бөлүм башчы, бөлүмдүн кызматкерлери, аймактар аралык башкармалыктар | Бул тобокелдиктер сатып алуулар инфраструктурасы маселелеринде жана мамлекеттик иш-аракеттерге таасир берүүсү мүмкүн |
| 5. | Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда кызыкчылыктардын кагылышуусу | Кырдаалдык | Төмөн | Укуктук камсыздоо бөлүмү | Бөлүм башчы, бөлүмдүн кызматкерлери | Бул тобокелдиктер бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
| 6. | Кадрлар резервин түзүү | Белгиленген талаптарды бузуу менен регионалдык жана муниципалдык резервдерге кирүүгө таасир этүү менен белгилүү бир адамдын кызыкчылыгын көздөө | Потенциалдуу | Жогорку | Кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу жана кадрлар резерви бөлүмү, аймактык башкармалыктар | Бөлүм башчы, бөлүмдүн жана аймактар аралык башкармалыктардын кызматкерлери | Бул тобокелдиктер бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
| 7. | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын агенттиктин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо | Сыйлыкка конкреттүү адамды илгерилетүү боюнча мүмкүн болгон келишим (макулдашуу) | Потенциалдуу | Орто | Сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөлөрү | Сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөлөрү | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
| 8. | Даттануулар жана арыздар боюнча кызматтык териштирүүлөрдү жана текшерүүлөрдү жүргүзүү | Текшерүү же кызматтык териштирүү жүргүзгөн кызматкер менен тил табышуу мүмкүнчүлүгү | Потенциалдуу | Орто | Кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү | Кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү | Бул тобокелдик Агенттиктин ишине тиешелүү |
| 9. | Бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстарды өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу (кабыл алуу, дайындоо, которуу, ротациялоо) | Белгилүү бир адамдын кызыкчылыктарын лоббирлөө мүмкүнчүлүгү | Потенциалдуу | Орто | Персонал менен иштөө жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү | Бөлүм башчы, бөлүмдүн кызматкерлери | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 12-августундагы №…Приказ · 12.08.2026 · № 01-23/227
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 11-январындагы №…Приказ · 11.01.2025 · № 01-25/3 · Күчүн жоготкон