# Төрт-Гүл айылдык аймагынын Төрт-Гүл айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 20-январындагы № 13-3 "Төрт-Гүл айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Төрт-Гүл айылдык аймагынын Төрт-Гүл айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 20-январындагы № 13-3 "Төрт-Гүл айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13-3
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38983/edition/27893/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Төрт-Гүл айылдык аймагынын Төрт-Гүл айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 20-январындагы № 13-3 "Төрт-Гүл айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому (20.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023202

---

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ I - чакырыгынын иреттеги ачык III сессиясы

2025-жылдын 20-январы № 13-3

Төрт-Гүл айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин негизинде жана Мамлекеттик агенттиктин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча, ошондой эле Төрт-Гүл айылдык кеңештин 2025-жылдын 16-январындагы Кеңештин Регламенти, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Х.А.Лепшаковтын маалыматын угуп жана талкуулап: Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомчулук менен байланыш» мыйзамына ылайык: Төрт-Гүл айыл аймагынын кеңеши ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:

1. Төрт-Гүл айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгына каттоого жиберсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңештин Регламент, депутаттык этика жана мандат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомчулук менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

Ж. Маматкеримов
