# Ак-Татыр айылдык кенешинин 2025-жылдын 29-январындагы №24 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында салыктык эмес кирешелердин өлчөмүн 2025-жылга бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Татыр айылдык кенешинин 2025-жылдын 29-январындагы №24 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында салыктык эмес кирешелердин өлчөмүн 2025-жылга бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38961/edition/27816/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Татыр айылдык кенешинин 2025-жылдын 29-январындагы №24 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында салыктык эмес кирешелердин өлчөмүн 2025-жылга бекитүү жөнүндө" токтому (29.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023167

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 29-январы № 24

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында салыктык эмес кирешелердин өлчөмүн 2025-жылга бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодексинин 24-главасы “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым” белгиленип 73-74-75-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2022-жылдын 18-январындагы №2 Мыйзамынын 16-главасынын 78-беренесине ылайык “Жергиликтүү кеңештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында” айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп карап талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:

1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн салыктык эмес кирешелерди белгилөө боюнча, 2025-жылга карата салыктык эмес кирешенин өлчөмү ар бир жашоочуга 5 сомдон бекитилсин.

2 Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, финансы бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, муниципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу, ичүүчү суу, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссия төрагасы К.Эшмурзаевге жүктөлсүн.

4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.

5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

Төрага

Т.Исманов
