Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нурманбет айылдык кеңешинин «Нурманбет айыл аймагында жайгашкан объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жɵнүндɵ» токтому
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 19-июну № 28/V
Нурманбет айыл аймагында жайгашкан объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жɵнүндɵ
Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн жер маселеси боюнча башкы адис Б.Б.Осмоналиевдун «Нурманбет айыл аймагында жайгашкан объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жɵнүндɵ» маалыматын карап жана талкуулап, айылдык кенешинин депутаттары белгилешти, азыркы учурда бул объектер жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамга ылайык жергиликтүү мааниде колдонулат. Кыргыз Республикасынын «Мүлккɵ муниципалдык менчик жɵнүндɵ» Мыйзамынын 2,5,6,19 беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчикке тɵмɵнкү объекттер кабыл алынсын:
- байланыш бɵлүмүнүн имараты Нурманбет айылында Андашев кɵчɵсүндɵ №51 дарегинде жайгашкан;
- спорт комплекс Нурманбет айылында Андашев кɵчɵсүндɵ №74 дарегинде жайгашкан;
- балдар бакчасы Нурманбет айылында Андашев кɵчɵсүндɵ №76 дарегинде жайгашкан;
- саркынды курулмасы Нурманбет айылында контур №338 жайгашкан;
- от кана аянты Красная Речка айылында Ворошилова кɵчɵсүндɵ №22«а» дарегинде жайгашкан;
- от кана аянты Красная Речка айылында Линин кɵчɵсүндɵ №58«а» дарегинде жайгашкан.
2. Белгиленген тартипте каттоодон тɵмɵнкү объекттер ɵткɵрүлсүн:
- байланыш бɵлүмүнүн имараты аянты 811,07 кв.м. Нурманбет айылында Андашев кɵчɵсүндɵ №51 дарегинде жайгашкан.
- спорт комплекс аянты 12413,80 кв.м. Нурманбет айылында Андашев кɵчɵсүндɵ №74 дарегинде жайгашкан;
- балдар бакчасы аянты 6174,07 кв.м. Нурманбет айылында Андашев кɵчɵсүндɵ №76 дарегинде жайгашкан;
- саркынды курулмасы аянты 22000,00 кв.м. Нурманбет айылында контур №338 жайгашкан;
- от кана 171,61 кв.м. Красная Речка айылында Ворошилова кɵчɵсүндɵ №22«а» дарегинде жайгашкан;
- от кана 1105,35 кв.м. Красная Речка айылында Линин кɵчɵсүндɵ №58«а» дарегинде жайгашкан;
3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, унаа, жана турак-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жана Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн жер маселеси боюнча башкы адис Б.Б.Осмоналиевге жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага
Н.С. Бекбоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37