# Нурманбет айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 26/V "Айыл ɵкмɵтүнүн аппараттык кызматкерлерине штаттык бир айлык эмгек акасын ɵлчɵмүндɵ үстɵк акы тɵлɵɵ жɵнүндɵ" токтому

- Толук аталышы: Нурманбет айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 26/V "Айыл ɵкмɵтүнүн аппараттык кызматкерлерине штаттык бир айлык эмгек акасын ɵлчɵмүндɵ үстɵк акы тɵлɵɵ жɵнүндɵ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26/V
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38931/edition/27778/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нурманбет айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 26/V "Айыл ɵкмɵтүнүн аппараттык кызматкерлерине штаттык бир айлык эмгек акасын ɵлчɵмүндɵ үстɵк акы тɵлɵɵ жɵнүндɵ" токтому (19.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023113

---

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 19-июну № 26/V

Айыл ɵкмɵтүнүн аппараттык кызматкерлерине штаттык бир айлык эмгек акасын ɵлчɵмүндɵ үстɵк акы тɵлɵɵ жɵнүндɵ

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүм башчысы П.С. Джумабекова «Айыл ɵкмɵтүнүн аппаратынын кызматкерлерине мамлекеттик жарандык кызматтына жана муниципалдык кызматтын күнүн майрамдоо карата, ошондой эле кызматкерлерди материалдык жактан акчалай сыйлоо максатында бюджеттик киреше бɵлүгүнүн бош калдыгынын эсебинен үстɵк акы тɵлɵɵ жɵнүндɵ» маселесин белгиледи, «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн бош калган каражаттан айыл ɵкмɵтүнүн аппаратынын кызматкерлерине мамлекеттик жарандык кызматтына жана муниципалдык кызматтын күнүн майрамдоо ошондой эле кызматкерлерди материалдык жактан акчалай сыйлоо максатында 70111 - бɵлүмүнүн 2111 – беренесинен - 355,1 миң. сом жана 2121 – беренесинен - 61,3 миң. сом акча каражаты бɵлүнсүн. Айыл ɵкмɵтүнүн аппаратынын штаттык ыраттама бир айлык эмгек акасын ɵлчɵмүндɵ үстɵк тɵлɵнүп берилсин.

2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.

- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;

- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.

3. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жана Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүм башчысына П.С. Джумабековага жүктөлсүн.

5. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.

Төрага

Н.С. Бекбоева
