# Баткен шаардык кенешинин 2025-жылдын 28-январындагы №11 "Баткен шаарынын аймагындагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшү маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Баткен шаардык кенешинин 2025-жылдын 28-январындагы №11 "Баткен шаарынын аймагындагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшү маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38912/edition/27759/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен шаардык кенешинин 2025-жылдын 28-январындагы №11 "Баткен шаарынын аймагындагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшү маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому (28.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023105

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

2025-жылдын 28-январы № 11 Баткен шаарынын аймагындагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшү маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрдагы №123 Мыйзамынын34-беренесинин 1-пунктуна жана Баткен регионалдык шаар куруу башкармасынын, шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу максатындагы сунушунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:

1.Баткен шаарынын аймагындагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшү маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча талаптары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Шаар аймагында корнок-жарнактарды колдонуу ченемдик укуктук актыларында жол- жоболору менен макулдашуу жургузулоору эскертилсин

3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.

4.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин мыйзам укук, кылмыштуулук, депутаттык мандат, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Г.Артыкбаев) тапшырылсын.

Төрага:

А.Аширов
