# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 62 “Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 62 “Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023029>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38852/edition/27683/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023029.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 62 “Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023029

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 28-февралы № 99

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 62 “Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Пилоттук долбоордун мөөнөтүн узартуу жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жарандарына мамлекеттик (консулдук) кызмат көрсөтүүлөрдүн механизмдерин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 62 “Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттун экинчи абзацында “2025” деген цифралар “2026” деген цифраларга алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө убактылуу жободо:

– төмөнкүдөй мазмундагы 121-пункт менен толукталсын:

“121. 16 жашка толо элек курактагы, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык туулгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган адамда ИЖН жок болгон учурда, ушул Убактылуу жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик (консулдук) кызматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкери ИЖН ыйгарууга документтерди кабыл алууну жүзөгө ашырат жана консулдук кызмат адамына кароого жана чечим кабыл алууга жиберет. ИЖН ыйгарууга документтерди кабыл алуу АМС аркылуу ишке ашырылат.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2025-жылдын 28-февралында www.gov.kg расмий сайтында жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
