# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-февралы ПЖ № 70 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-февралы ПЖ № 70 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022914>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10841/edition/27577/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022914.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-февралы ПЖ № 70 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022914

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 27-февралы ПЖ № 70

Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы N 43 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Мамлекеттик кадр саясатын өркүндөтүү, мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервин түзүү жана иштетүү процесстеринин объективдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 10-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. (КР Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"21. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды ишин баалоо боюнча иштин абалы. Жумушчу комиссия төмөнкүлөрдү изилдейт:

- кызматчылардын ишин баалоо боюнча материалдарды;

- кызматчылардын ишин баалоонун жыйынтыктары менен макул эместигине байланыштуу кайрылуулардын болушун.";

- 22-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- кызматчыларды терс негиздер боюнча бошотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилген кабарлоолорду;".

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
