# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралынын № 82 "Бишкек шаарын жана "Манас" эл аралык аэропортун бириктирүүчү автомобиль жолун Бишкек шаарынын мэриясынын башкаруусуна өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралынын № 82 "Бишкек шаарын жана "Манас" эл аралык аэропортун бириктирүүчү автомобиль жолун Бишкек шаарынын мэриясынын башкаруусуна өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022904>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38786/edition/27569/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022904.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралынын № 82 "Бишкек шаарын жана "Манас" эл аралык аэропортун бириктирүүчү автомобиль жолун Бишкек шаарынын мэриясынын башкаруусуна өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" токтому (15.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022904

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 20-февралы № 82

Бишкек шаарын жана "Манас" эл аралык аэропортун бириктирүүчү автомобиль жолун Бишкек шаарынын мэриясынын башкаруусуна өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)

Бишкек шаарын жана "Манас" эл аралык аэропортун бириктирүүчү автомобиль жолун башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Бишкек шаарын жана "Манас" эл аралык аэропортун бириктирүүчү автомобиль жолун (мындан ары - автомобиль жолу) башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) 2025-жылдын 28-февралынан тартып 2 (эки) жылдык мөөнөткө ишке ашыруу жактырылсын.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Бишкек шаарынын мэриясы пилоттук долбоордун алкагында автомобиль жолун башкарууну, анын ичинде күтүүнү, оңдоону, автомобиль жолун ыңгайлаштыруу элементтеринин сакталышын, өнүктүрүүнү жана иштешин камсыз кылууну, ошондой эле автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкенин участокторун жана жол боюндагы тилкелерди (мындан ары - автомобиль жолунун жерлерин) убактылуу пайдаланууга берүүнү жүзөгө ашырат деп;

2) Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын аймагында колдонулган тартипте автомобиль жолунун жерлерин убактылуу пайдаланууга берет деп;

3) пилоттук долбоорду ишке ашыруу республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле автомобиль жолунун жерлерин пайдалангандыгы үчүн жеке, юридикалык жактардан түшкөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

- Бишкек шаарынын мэриясына пилоттук долбоорду ишке ашырууга көмөк, анын ичинде методикалык, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам көрсөтсүн;

- Бишкек шаарынын мэриясынын башкаруусуна автомобиль жолун, ошондой эле болгон укуктук, техникалык жана башка документтерди, автомобиль жолунун жерлерин убактылуу пайдалануу укугу предмети болуп саналган жарандык-укуктук келишимдерди өткөрүп берсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги пилоттук долбоорду каржылоону тиешелүү жылга автомобиль жолун күтүүгө республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында камсыз кылсын, ошол эле учурда жетишпеген чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча):

- автомобиль жолун өзүнүн карамагына кабыл алсын;

- пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

- пилоттук долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен бөлүнүүчү, ошондой эле автомобиль жолунун жерлерин пайдалангандыгы үчүн жеке, юридикалык жактардан түшкөн акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын;

– автомобиль жолун күтүү боюнча жумуштарды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылбоочу бөлүгүндө кошумча каржылоону камсыз кылсын;

- бул токтомдун 3, 4-пункттарында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн тоскоолдуксуз текшерүү үчүн шарттарды камсыз кылсын;

- бул токтомдун 3, 4-пункттарында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жарым жылда бир жолу отчет берип турсун;

- пилоттук долбоор оң ишке ашырылган учурда, аны өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин;

- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети кун өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 14 (3670) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
