# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябры № 2347-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябры № 2347-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2347-VII
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022900>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16229/edition/27561/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022900.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябры № 2347-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (12.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022900

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 12-сентябры № 2347-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 48-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын, ошондой эле укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын курамдарынан чыгарылсын.

2) Турсунбаев Азизбек Атакозуевич Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын, ошондой эле укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын курамдарына киргизилсин.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 57-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Икрамов Тазабек Икрамович жана Турсунбаев Азизбек Атакозуевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамынан чыгарылсын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

Дж.К. Исаева
