# Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 01-3/20 "Москва районунун Беловодское айылынын, Ленин көчөсүнүн 25/3 скверине (парк) "Дамир Наспеков атындагы сквери" аталышы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 01-3/20 "Москва районунун Беловодское айылынын, Ленин көчөсүнүн 25/3 скверине (парк) "Дамир Наспеков атындагы сквери" аталышы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-3/20
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022897>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38777/edition/27554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022897.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 01-3/20 "Москва районунун Беловодское айылынын, Ленин көчөсүнүн 25/3 скверине (парк) "Дамир Наспеков атындагы сквери" аталышы жөнүндө" токтому (17.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022897

---

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 17-январы №01-3/20 Москва районунун Беловодское айылынын, Ленин көчөсүнүн 25/3 скверине (парк) "Дамир Наспеков атындагы сквери" аталышы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесин, 27-берененин 10 пункт 1 бөлүгүн жана 37 берененин пункт 17, 2 бөлүгүн "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жетекчиликке алып, Москва районунун тургундары менен конокторунун эс алуусун уюштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча Туруктуу комиссиянын протоколун эске алуу менен, угуп жана талкуулап, сессия

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Москва районунун Беловодское айылында, Ленин көчөсүндө №25/3, жайгашкан скверге (паркка) "Наспеков Дамир атындагы Сквер" деген аталыш берилсин.

2. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э. Оскомбаев Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде иш алып баруусу жана жогоруда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктү анын максаттуу багытына ылайык пайдаланууну жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 25-беренесине ылайык эсепке алуу жана инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен 30 календардык күндүн ичинде тиешелүү документтерди бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттасын.

4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.

Төрага

Т.К. Кулжанов
