Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул шаарларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 25-апрели № 195-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 868-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул шаарларын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55, 115-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 868-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул шаарларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен максаттуу трансферттердин көлөмүн 170000000 (бир жүз жетимиш миллион) сомго көбөйтсүн жана көрсөтүлгөн каражаттарды Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды каржылоо үчүн Таш-Көмүр шаарынын мэриясына 100000000 (жүз миллион) сом, Кара-Көл шаарынын мэриясына 20000000 (жыйырма миллион) сом, Токтогул шаарынын мэриясына 50000000 (элүү миллион) сом бөлсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул шаарларынын мэриялары бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул шаарларын өнүктүрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 868-т тескемесинин редакциясына ылайык) Таш-Көмүр шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар
№
Иш-чаралар
Милдеттер
Каражаттардын көлөмү
Аткаруу мөөнөтү
Күтүлүүчү жыйынтыктар (индикаторлор)
Каржылоо булагы
Жооптуу аткаруучулар
Инфраструктуралык долбоорлор
1
Тротуар куруу
Шаардын аймагында сапаттуу деңгээлде ички тротуарларды куруу (2640 м)
10,581 млн. сом
2024-жыл
Шаар тургундары жана коноктор үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Таш-Көмүр шаарынын мэриясы
2
Ирригация үчүн лотокторду орнотуу
Сапаттуу деңгээлде лотокторду орнотуу жана долбоорду аяктоо (1833 м)
5,056 млн. сом
2024-жыл
Жашылдандыруу үчүн шаардын ирригациясы жакшыртылды
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Таш-Көмүр шаарынын мэриясы
3
Шаардын аймагында коомдук транспорттун токтоочу пункттарын капиталдык оңдоо
Дизайнды иштеп чыгуу. долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана капиталдык оңдоо өткөрүү
2,061 млн. сом
2024-жыл
Шаардын архитектуралык көрүнүшү жакшыртылды, тургундар жана коноктор үчүн коопсуз жана жагымдуу шарттар түзүлдү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Таш-Көмүр шаарынын мэриясы
4
Автомобиль жолдорунда жол белгилеринин линияларын түшүрүү
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, жол белгилерин сапаттуу сырдоо
0,463 млн. сом
2024-жыл
Жол кыймылынын катышуучулары үчүн коопсуздук камсыз кылынды
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Таш-Көмүр шаарынын мэриясы
5
Таштанды үчүн металл жасалган контейнерлерди орнотуу
Дизайнды иштеп чыгуу, долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана шаарда контейнерлерди орнотуу
0,596 млн. сом
2024-жыл
Шаардын коопсуз экологиялык абалы камсыз кылынды
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Таш-Көмүр шаарынын мэриясы
6
Атайын техника сатып алуу
Төмөнкүлөрдү сатып алуу: 1 экскаватор; 2 таштанды ташуучу; 2 ассенизатор; 1 HOWO базасында автокөтөргүч; 1 суу ташуучу
29,371 млн. сом
2024-жыл
Өзгөчө кырдаалдарда калктын проблемаларын жоюу боюнча маселелер чечилди жана шаарда тазалыкты кармап туруунун техникасы камсыз кылынды
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Таш-Көмүр шаарынын мэриясы
7
Канализация системасы үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алуу
Төмөнкүлөрдү сатып алуу: чоюн капкактар; 2 бирд. грундфос насосу; полиэтилен пластмассаларды майдалоочу
1,410 млн. сом
2024-жыл
Айлана-чөйрөнү коргоо жана сактоо
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Таш-Көмүр шаарынын мэриясы
8
Тоголок Молдо атындагы № 3 мектептин жылуулук жабдуу системасын алмаштыруу
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, мектептин жылуулук системасын сапаттуу ондоону аяктоо
0,884 млн. сом
2024-жыл
Балдарды окутууда жана тарбиялоодо ыңгайлуу шарттар түзүлдү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Таш-Көмүр шаарынын мэриясы
9
Балдар үчүн ойноо аянтчаларын куруу
Талаптарга ылайык белгиленген мөөнөттө: дизайнды иштеп чыгуу жана долбоордук-сметалык документтерди даярдоо; Шахтёрская жана Ш.Сыдыков көчөлөрүндө балдар үчүн ойноочу аянтчаларды куруу
1,818 млн. сом
2024-жыл
Балдарга оюн-зоок жана эс алуу үчүн райондо ыңгайлуу шарттар түзүлдү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Таш-Көмүр шаарынын мэриясы
10
Шаардык маданият үйүн капиталдык оңдоо жана олтургучтарды жаңыларга алмаштыруу
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, белгиленген мөөнөттө капиталдык оңдоону сапаттуу аяктоо
4,926 млн. сом
2024-жыл
Маданий иш-чараларды сапаттуу өткөрүүгө көмөк көрсөтүү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Таш-Көмүр шаарынын мэриясы
11
Музыкалык аппараттарды сатып алуу
Аппараттардын параметрлерин жана техникалык мүнөздөмөсүн изилдөө жана сатып алуу
0,865 млн. сом
2024-жыл
Кызматкерлерди заманбап аппараттар менен камсыз кылуу менен маданий иш-чараларды сапаттуу өткөрүүгө көмөктөшүү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Таш-Көмүр шаарынын мэриясы
12
Шаар жолдорун капиталдык оңдоо
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, белгиленген мөөнөттө төмөнкү көчөлөрдө капиталдык оңдоону сапаттуу аяктоо:
- Батыркулов;
- Д.Шопоков;
- Б.Кадыров;
- Т.Шабданов
22,158 млн. сом
2024-жыл
Шаардын көчөлөрү оңдолду жана кайра конструкцияланды, тургундар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Таш-Көмүр шаарынын мэриясы
13
Шаардын мэриясынын имаратынын жанындагы участокту капиталдык оңдоо
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, белгиленген мөөнөттө тротуарды жана жүрүүчү бөлүктү асфальттоону сапаттуу аяктоо
1,195 млн. сом
2024-жыл
Кызматкерлерге иш жана эс алуу үчүн шарттар түзүлдү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Таш-Көмүр шаарынын мэриясы
14
Шаардын мэриясынын имаратын учурдагы оңдоо
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, белгиленген мөөнөттө фасадды капиталдык оңдоону сапаттуу аяктоо
1,699 млн. сом
2024-жыл
Шаардын архитектуралык көрүнүшү жакшыртылды
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Таш-Көмүр шаарынын мэриясы
15
Скверлерди куруу
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, Ленин, Какелеев жана Баетов көч. жаңы скверлерди куруу
14,404 млн. сом
2024-жыл
Шаардын бардык тургундарына жана конокторуна сергек жашоо мүнөзү жана ыңгайлуу жашоосу үчүн шарттар түзүлдү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Таш-Көмүр шаарынын мэриясы
16
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана техникалык контролерду (көзөмөлдөөчү) жалдоо
Белгиленген тартипте долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана техникалык контролерду (көзөмөлдөөчү) жалдоо
2,513 млн. сом
2024-жыл
Долбоорлордун долбоордук-сметалык документтери даярдалды жана техникалык көзөмөлдүн негизинде иштер аткарылды
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Таш-Көмүр шаарынын мэриясы
Жалпы
100 млн. сом
Кара-Көл шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар
№
Иш-чаралар
Милдеттер
Каражаттардын көлөмү
Аткаруу мөөнөтү
Күтүлүүчү жыйынтыктар (индикаторлор)
Каржылоо булагы
Жооптуу аткаруучулар
1
Кара-Көл шаарынын мэриясынын имаратынын фасадын капиталдык ондоо
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана подряддык мекемени тандоо
5 млн. сом
2024-жыл
Мэриянын имаратынын фасады оңдолду
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферлери
Кара-Көл шаарынын мэриясы
2
Кара-Көл шаарынын мэриясынын имаратынын жанындагы борбордук аянтка асфальт төшөө
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана подряддык мекемени тандоо
4 млн. сом
2024-жыл
Аянт асфальтталды
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферлери
Кара-Көл шаарынын мэриясы
3
Мэриянын имаратынын жанындагы тротуарларга брусчатка төшөө, жарыктандыруу жана скамейкаларды орнотуу
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана подряддык мекемени тандоо
1 млн. сом
2024-жыл
Тротуарлар оңдолду жана кайра конструкцияланды
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферлери
Кара-Көл шаарынын мэриясы
4
Мэриянын конференц-залын капиталдык ондоо
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана подряддык мекемени тандоо
7 млн. сом
2024-жыл
Иш үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферлери
Кара-Көл шаарынын мэриясы
5
Мэриянын жооптуу кызматкерлерине уюштуруу техника жана кеңсе эмерегин сатып алуу
Техникалык шартты иштеп чыгуу жана подряддык мекемени тандоо
3 млн. сом
2024-жыл
Иш үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферлери
Кара-Көл шаарынын мэриясы
Жалпы
20 млн. сом
Токтогул шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар
№
Иш-чаралар планы
Милдет
Сумма (млн. сом)
Аткаруу мөөнөтү
Күтүлүүчү жыйынтык (индикатор)
Каржылоо булагы
Жооптуу аткаруучулар
1
Токтогул шаарынын ички жолдорун асфальттоо
Жаңы-Жол айылы боюнча:
1. Бишкек-Ош автожолунан тартып Абдрахман көч., Бекмурза көч. чейин - 370 м.
2. Бекмырза көч. тартып Шамши Батырбеков көч., Абдрахман көч. - чейин 1130 м
15,0
2024-жыл
Калк үчүн жолдо жүрүү шарттары жакшыртылды
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Токтогул шаарынын мэриясы
Куйбышев айылы боюнча:
1. Амандос көч. тартып, асфальт жол бүткөн жерден Курсант көч., Амандос көч. чейин - 1000 м
10,0
2024-жыл
Калк үчүн жолдо жүрүү шарттары жакшыртылды
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Токтогул шаарынын мэриясы
Кызыл-Туу айылы боюнча:
1. Бишкек-Ош автожолунан баштап Акылбек көч., Конушбай Ата көч. чейин - 750 м.
2. Мажин көч. тартып Кудаке көч., Байказак көч. чейин - 250 м
10,0
2024-жыл
Калк үчүн жолдо жүрүү шарттары жакшыртылды
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Токтогул шаарынын мэриясы
Арал-Куйбышев айылдары боюнча:
1. Арал жана Куйбышев айылдарын бириктирген жол. Бишкек-Ош автожолунан тартып Оомат көч., Жээнтай көч. чейин - 850 м.
2. Куйбышев айылында Оомат көч. тартып Ыманалы көч. чейин - 650 м
15,0
2024-жыл
Калк үчүн жолдо жүрүү шарттары жакшыртылды
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Токтогул шаарынын мэриясы
Жалпы
50 млн. сом
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 15.01.2025 · № 8
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.