# Барпы айылдык кеңешинин 2025-жылынын 24-январындагы №2/3 “Мүлк салыгынын ставкасын бектиүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Барпы айылдык кеңешинин 2025-жылынын 24-январындагы №2/3 “Мүлк салыгынын ставкасын бектиүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2/3
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022859>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78406/edition/27504/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Барпы айылдык кеңешинин 2025-жылынын 24-январындагы №2/3 “Мүлк салыгынын ставкасын бектиүү жөнүндө” токтому (24.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022859

---

БАРПЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II сессиясынын

2025-жыл 24-январындагы №2/3

Мүлк салыгынын ставкасын бектиүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексин жана Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги №78 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамын жетекчилике алып, Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Сузак району боюнча башкармалыгынын 17.01.2025-жыл №01-09/25 сандуу каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги №78 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын редакциясына ылайык, Барпы айыл аймагындагы, турак-жай имраттар үчүн салыктын ставкасы 50 (элүү) сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.

2. Турак-жай имараттар үчүн бекитилген салыктын ставкасы боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана салык жыйноодо мыйзамдын талаптарына ылайык иш алып барууну Барпы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Маматсабировго жүктѳлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү мыйзамдуулук, этика, укук маселелер жана мамлекеттик бийлик жана ѳз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен ѳз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А.Апсаламовго милдеттендирилсин

Төрага

У.А. Абдыкулов
