# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-февралындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-февралындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022856>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5488/edition/27498/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022856.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-февралындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (19.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022856

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 19-февралы № 42

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022856/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 63-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "баланын" деген сөз "баланын же майыптын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 68-берененин 2-1-бөлүгү "баланын" деген сөздөн кийин "же майыптын" деген сөздөр менен толукталсын;

3) 89-берененин 1-пунктунда "баланын өмүрүнө же баланын жыныстык кол тийбестигине" деген сөздөр "баланын же майыптын өмүрүнө же жыныстык кол тийбестигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 154-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы "толо элек балага" деген сөздөрдөн кийин "же майыпка" деген сөздөр менен толукталсын;

5) 155-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы "толо элек балага" деген сөздөрдөн кийин "же майыпка" деген сөздөр менен толукталсын;

6) 156-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "он төрт жашка толо элек балага жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга" деген сөздөр "он төрт жашка толо элек балага жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга же майыптарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022856/st-2)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 349-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы "Баланын" деген сөздөн кийин "же майыптын" деген сөздөр менен толукталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022856/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2025-жылдын 23-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
