Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 19-февралы № 42
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 63-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "баланын" деген сөз "баланын же майыптын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 68-берененин 2-1-бөлүгү "баланын" деген сөздөн кийин "же майыптын" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 89-берененин 1-пунктунда "баланын өмүрүнө же баланын жыныстык кол тийбестигине" деген сөздөр "баланын же майыптын өмүрүнө же жыныстык кол тийбестигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 154-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы "толо элек балага" деген сөздөрдөн кийин "же майыпка" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 155-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы "толо элек балага" деген сөздөрдөн кийин "же майыпка" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 156-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "он төрт жашка толо элек балага жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга" деген сөздөр "он төрт жашка толо элек балага жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга же майыптарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 349-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы "Баланын" деген сөздөн кийин "же майыптын" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2025-жылдын 23-январында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон