Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюму жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 77 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюму жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Типтүү жобо) онлайн окутуу методу менен билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү (башталгыч, орто жана жогорку) кесиптик билим берүү уюмдарынын онлайн билим берүү ишин уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Бул Типтүү жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) окутуунун асинхрондук форматы - белгилүү бир жерге жана убакытка карабастан маалыматтык системалар жана байланыштын башка каражаттары аркылуу билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн болжолдогон онлайн окутуу форматы;
2) маалыматтык-коммуникациялык технологиялар - аппараттык-программалык комплексти жана телекоммуникациялар тармагын колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу маалыматтарды издөө, чогултуу, сактоо, пайдалануу, жайылтуу процесстери, методдору;
3) окутуунун кредиттик технологиясы - академиялык кредиттерди топтоо менен дисциплиналарды окуп-үйрөнүүнүн ырааттуулугун билим алуучулардын тандоосунун жана өз алдынча пландаштыруусунун негизинде окутуу;
4) массалык ачык онлайн курс (мындан ары - МАОК) - электрондук окутуу технологияларын колдонуу менен жана Интернет аркылуу ачык жеткиликтүү болгон массалык интерактивдүү катышуу менен окутуу курсу;
5) кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюму (мындан ары - онлайн билим берүү уюму) - кесиптик билим берүү программалары боюнча онлайн окутуу билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү билим берүү уюму;
6) билим берүү порталы - маалыматтык-телекоммуникациялык тармактын жардамы менен билим берүү процессинин катышуучуларына маалыматтык ресурстарга жана билим берүү мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүүлөргө жетүү үчүн арналган маалыматтык система;
7) онлайн курс - Интернет аркылуу, анын ичинде онлайн билим берүү уюмдарында мурда жазылган видео лекцияларды колдонуу менен билимдерди, көндүмдөрдү жана компетенцияларды алууга мүмкүндүк берүүчү окуу программасы;
8) онлайн окутуу - окутуу методу, анын алкагында билим алуучу белгилүү бир жерге жана убакытка карабастан маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу билим алат;
9) прокторинг - бул атайын программаны, веб-камераны жана микрофонду колдонуу менен онлайн режимде тест жана башка экзамендерди тапшыруу учурунда билим алуучулардын иш-аракеттерин контролдоо технологиясы;
10) окутуунун синхрондуу форматы - маалыматтык системалардын жана башка байланыш каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын реалдуу убакыт режиминде түз байланышын (стриминг) божомолдогон онлайн окутуу форматы;
11) окутууну башкаруу системасы - билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү менен онлайн окутуунун окуу материалдарынын жана куралдарынын топтомун камтыган окуу курстарын башкаруу үчүн платформа;
12) билим алуучунун санариптик изи - окутууну башкаруу системасында жазылган билим берүү ишинин натыйжалары жөнүндө верификацияланган маалыматтардын топтому;
13) санариптик билим берүү ресурстары - ар кандай маалыматтык санариптик булактардан алынган, окуу процессинин дидактикалык жана башка методикалык максаттарына жетүүгө багытталган санариптик түрдө берилген маалыматтардын жыйындысы.
2-глава. Онлайн билим берүү уюмунун максаты жана милдеттери
3. Онлайн билим берүү уюмунун максаты болуп онлайн окутуу методун колдонуу менен башталгыч, орто же жогорку кесиптик билим берүү саналат.
4. Онлайн билим берүү уюмунун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) билим алуучулардын турган жерине карабастан онлайн окутуу методу менен билим алуучулардын билим берүү программаларын өздөштүрүүсүн камсыз кылуучу билим берүү чөйрөсүн түзүү;
2) билим алуучулардын онлайн режимде заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен билим берүү программаларын өздөштүрүүсү үчүн шарттарды түзүү;
3) сапаттуу үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү;
4) онлайн билим берүү уюмунун педагогикалык, илимий, окуу-көмөкчү, административдик-чарбалык кызматкерлерин даярдоо деңгээлин колдонулуучу технологияларга ылайык камсыз кылуу;
5) билим берүү процессине инновациялык механизмдерди киргизүү, билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашыруу;
6) билим алуучунун ар тараптуу инсандык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;
7) инклюзивдүү билим берүү принциптерин кеңейтүү жана колдонуу;
8) билим берүү процессинин катышуучуларынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу.
3-глава. Онлайн билим берүү уюмдарына карата онлайн окутуу боюнча талаптар
5. Онлайн окутуу методун колдонуу менен билим берүү программаларын ишке ашыруучу онлайн билим берүү уюмдарына карата төмөнкү талаптар белгиленет:
1) онлайн окутууну үзгүлтүксүз уюштуруу үчүн маалыматтык-технологиялык инфраструктуранын болушу, анын ичинде туруктуу тармактык туташуунун, сервердик жабдуунун, маалыматтарды сактоо системасынын, киберкоопсуздук системаларынын, Интернет тармагына туташтырууну камсыз кылган коммуникациялык байланыш каналдарынын, билим алуучунун инсандыгын идентификациялоо үчүн аутентификация системаларынын, өздөштүрүүлөрдү табуу системаларынын, онлайн прокторингдин болушу;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билим алуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга жана жеке маалыматтарын коргоого карата талаптардын негизинде системалардын маалыматтык коопсуздугун жана маалыматтарды коргоону камсыз кылуу;
3) окуу процессин санариптик билим берүү ресурстары менен камсыз кылуу;
4) билим алуучулардын билим берүү порталына жана санариптик билим берүү ресурстарына жетүүсүн камсыз кылуу;
5) билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча санариптик сервистерге: сабактардын электрондук расписаниесине, билим алуучулардын окуудагы жетишкендиктерин академиялык контролдоонун бардык түрлөрүнө, өзүн-өзү баалоо системаларына; электрондук китепканага; электрондук документ жүгүртүүгө толук жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
6) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучуларды онлайн окутуу үчүн шарттарды камсыз кылуу;
7) окуу процессинин сапатын камсыз кылуунун ички системасына ылайык билим берүү кызматтарынын сапатына мониторинг жүргүзүү системасынын болушу.
4-глава. Онлайн билим берүү уюмунун иш жүргүзүү тартиби
6. Онлайн билим берүү уюму "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Типтүү жобого ылайык иш жүргүзөт жана онлайн окутуу методу менен кесиптик билим алуу укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт.
7. Менчигинин формасына карабастан онлайн билим берүү уюмун түзүү, башкаруу, кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын граждандык мыйзамдары, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана билим берүү уюмунун уставы менен жөнгө салынат.
8. Кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууда онлайн билим берүү уюму тарабынан билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу жер болуп бул уюмдун юридикалык каттоодон өткөн жери саналат.
9. Онлайн билим берүү уюму билим берүү ишине лицензия алган учурдан тартып кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин жүргүзүү укугуна ээ болот. Орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюму квалификацияларды ыйгаруу жана билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүү укугуна аккредитациядан өткөндөн кийин ээ болот.
10. Онлайн билим берүү уюмдарын лицензиялоо, аккредитациялоо ушул Типтүү жобонун онлайн окутуу боюнча атайын талаптарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
5-глава. Онлайн билим берүү уюмунда окуу процессин уюштуруу тартиби
11. Онлайн билим берүү уюмуна билим алуучуларды кабыл алуу Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
12. Онлайн билим берүү уюму билим берүү программаларын кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги багыттар/адистиктер/кесиптер боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде ишке ашырат.
13. Типтүү жобого тиркелген тизмекте көрсөтүлгөн адистиктерди даярдоо багыттарын кошпогондо, онлайн окутуу методун колдонуу менен билим берүү процесси билим берүү уюму тарабынан жүзөгө ашырылат.
14. Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында онлайн окутуу методу менен IT-технология жаатындагы кесиптер боюнча билим берүү программаларын ишке ашырууга жол берилет.
15. Онлайн окутуунун билим берүү программасы окутуунун асинхрондук жана синхрондук форматтарынын катышын чагылдырат, мында синхрондук сабактардын катышы МАОКту колдонуу менен өздөштүрүү каралган дисциплиналарды кошпогондо, ар бир дисциплинанын жалпы көлөмүнүн 20%ынан кем эмесин түзүшү керек.
16. Онлайн окутуу онлайн билим берүү уюмунун билим берүү порталы аркылуу жүргүзүлөт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) окутуу процессин окуу-методикалык жактан камсыздоону башкаруу системасын, анын ичинде курстун элементтеринин камтылган түзүмүн: окутуунун натыйжаларын жана окутуунун натыйжаларына жетишүүнү текшерүүгө багытталган контролдук тапшырмаларды милдеттүү түрдө көрсөтүү менен дисциплиналар боюнча жумушчу окуу программаларын (силлабустарды), лекцияларды, практикалык, лабораториялык тапшырмаларды, курсту баалоо саясатын, аудио-, видеоконтентти, электрондук документтерди, сүрөттөрдү, медиасервистерге гипершилтемелерди, электрондук китепкананы, МАОК платформасын, билим берүү процессинин катышуучулары менен кайтарым байланыш үчүн жеткиликтүү корпоративдик каналдарды, топтук сабактарды уюштурууну, окутуучу - билим алуучу, билим алуучу - билим алуучу, окутуучу - окутуучу, администрация - билим алуучунун өз ара аракеттенүүлөрүн;
2) билим берүү процессинин катышуучулары жөнүндө маалыматтарды башкаруу системасын: жеке эсептик каттоого кирүү, билим алуучулардын жетишүүсү жана катышуусу, окуу процессинин ачыктыгы, окуу сабактарынын электрондук расписаниеси, окуу дисциплиналарына онлайн каттоо, профессордук-окутуучулук курам жана биргелешип башкаруунун катышуучулары жөнүндө маалыматтар;
3) илимий жана практикалык изилдөөлөрдү башкаруу системасын: изилдөө долбоорлорунун, басылмалардын, илимий иштеп чыгуулардын, илимпоздордун жана изилдөө натыйжаларынын базасы.
17. Онлайн билим берүү уюму төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) билим алуучуларды онлайн билим берүү уюмунун илимий-изилдөө иштерине жана социалдык-маданий турмушуна тартууну;
2) онлайн билим берүү уюмунун билим берүү порталында билим берүү программаларына ылайык санариптик контентти жайгаштырууну;
3) төмөнкү талаптарга жооп берген санариптик контенттин сапатын: толуктугу, ар түрдүүлүгү, педагогикалык дизайндын болушу, мультимедиялуулугу;
4) онлайн окутууну өнүктүрүү боюнча башка билим берүү уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү;
5) Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мыйзамдарын сактоону.
18. Билим алуучуларды кабыл алуудан баштап окууну аяктаганга чейин консультациялык коштоо үчүн онлайн билим берүү уюму төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) өзүнүн функциялык милдеттеринин алкагында онлайн окутууда зарыл компетенцияларга ээ администрациялык-башкаруучу, окутуучу, окуу-көмөкчү жана тейлөөчү персоналдын болушун;
2) жеткиликтүү корпоративдик байланыш каналдарынын болушун;
3) онлайн окутууну уюштуруу боюнча көрсөтмө материалдарды иштеп чыгууну жана пайдаланууну, аларды онлайн билим берүү уюмунун расмий сайтында жарыялоону;
4) окуу процессинде онлайн билим берүү уюмунун санариптик ресурстарынын презентациясы менен билим алуучулар үчүн адаптациялык жумаларды уюштурууну.
19. Билим алуучуларды кабыл алуудан баштап окууну аяктаганга чейин техникалык коштоо үчүн онлайн билим берүү уюму төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) онлайн окутууга тартылган санариптик инфраструктуранын жана санариптик платформалардын, мобилдик тиркемелердин жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз иштешин;
2) өзүнчө жайда лицензиялык программалык камсыздоо менен онлайн курстардын, электрондук ресурстардын студиялык өндүрүшүн камсыз кылган программалык-аппараттык комплекстин иштешин;
3) онлайн окутууга тартылган санариптик инфраструктуранын жана санариптик платформалардын маалыматтык коопсуздугун.
20. Билим алуучуларды кабыл алуудан баштап окууну аяктаганга чейин методикалык коштоо үчүн онлайн билим берүү уюму төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) заманбап санариптик билим берүү технологияларын колдонууну;
2) онлайн окутууну уюштуруу боюнча методикалык материалдарды иштеп чыгууну;
3) санариптик платформаларда онлайн окутуу дисциплиналары боюнча окуу-методикалык материалдарды жана санариптик билим берүү ресурстарын иштеп чыгууну жана жайгаштырууну.
21. Жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо жана пайдалануу онлайн билим берүү уюмунда Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен ички колдонуу үчүн гана жүргүзүлөт. Билим берүү процессинин катышуучуларынын жеке маалыматтарынын купуялуулугу үчүн жоопкерчиликти онлайн билим берүү уюму тартат.
22. Онлайн билим берүү уюму билим алуучулардын жеке маалыматтарын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, ата мекендик провайдерлер жана/же онлайн билим берүү уюмунун IT-адистери башкарган, тейлеген жана колдогон серверлерде жайгаштырууну камсыз кылат.
23. Онлайн билим берүү уюму билим алуучу менен келишим түзөт, анда билим алуучунун техникалык жактан камсыздалышына карата талаптар, жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдук берүү жана онлайн платформанын колдонуучулук келишиминин шарттарын кабыл алуу каралган.
24. Билим берүү процессинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана талдоо онлайн билим берүү уюму тарабынан билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын санариптик изин байкоо аркылуу жүргүзүлөт.
25. Онлайн окутууда академиялык чынчылдык принциптерин сактоо менен жазуу жүзүндөгү иштин бардык түрлөрү көчүрүп алуу предметине милдеттүү түрдө текшерилет.
26. Билим алуучулардын жетишүүсүн учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестациялоо формасы онлайн билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат. Онлайн режимде жетишүүнү учурдагы контролдоодо жана орто аралык аттестациялоодо онлайн прокторинг технологиясы колдонулат.
27. Тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынын деңгээлинде билим берүү программасын толук көлөмдө аткарган билим алуучулар жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга киргизилет. Онлайн билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо прокторинг системасын камсыз кылуу менен күндүзгү же онлайн режимде жүргүзүлөт.
28. Онлайн билим берүү уюму билим алуучулар арасында билим берүү порталынын, билим берүү программаларынын жана (же) дисциплиналардын/модулдардын, санариптик контенттин жана онлайн окутууга тартылган окутуучулардын сапатынын дал келиши боюнча анкета жана (же) сурамжылоо жүргүзөт.
6-глава. Онлайн билим берүү процессинин катышуучулары
29. Онлайн билим берүү уюмундагы билим берүү процессинин катышуучулары болуп билим алуучулар, педагогикалык, окуу-көмөкчү жана административдик кызматкерлер, биргелешип башкаруунун катышуучулары саналат.
30. Онлайн билим берүү уюму кабыл алууда тапшыруучуларды онлайн окутуу методун колдонуу менен билим берүү процессин жөнгө салуучу устав жана башка укук белгилөөчү документтер менен тааныштырууга милдеттүү.
31. Билим алуучулардын, педагогикалык кызматкерлердин укуктары жана милдеттери онлайн билим берүү уюмунун уставы жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленет.
32. Онлайн билим берүү уюмунда окутууга онлайн окутуу боюнча компетенцияга, методикага жана технологияларга ээ болгон педагогикалык кызматкерлерге уруксат берилет.
7-глава. Онлайн билим берүү уюмун башкаруу
33. Онлайн билим берүү уюмун башкаруу Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, ушул Типтүү жобого жана онлайн билим берүү уюмунун уставына ылайык жүргүзүлөт.
34. Онлайн билим берүү уюмун түздөн-түз жетектөөнү жетекчи ишке ашырат, аны кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
35. Педагогикалык жана башка кызматкерлерди кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык онлайн билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
36. Онлайн билим берүү уюмунда биргелешип башкаруунун формалары болуп педагогикалык жана илимий кеңештер, көзөмөлчүлүк кеңеши, ата-энелер комитети жана башка кеңештер саналат.
37. Онлайн билим берүү уюмунда биргелешип башкаруу органдарын шайлоо тартиби жана алардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык онлайн билим берүү уюмунун уставында аныкталат.
8-глава. Онлайн билим берүү уюмун каржылоо
38. Онлайн билим берүү уюмун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;
2) билим берүү уюмдарынын уюштуруучуларынын каражаттары, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн натыйжасында жана башка иш-аракеттерден алынган онлайн билим берүү уюмунун өздүк каражаттары;
4) депозиттик салымдардан түшкөн кирешелер;
5) кредиттер жана гранттар;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
39. Онлайн билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык банктык жана кредиттик уюмдарда валюталык эсептерге ээ болушу мүмкүн.
40. Акы төлөнүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык онлайн билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилет.
9-глава. Эл аралык кызматташтык
41. Онлайн билим берүү уюму чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар, мекемелер менен түз байланыш түзүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобого тиркеме
Онлайн-окутуу методун колдонуу менен билим алууга жол берилбеген орто жана жогорку кесиптик билим берүү адистиктеринин жана даярдоо багыттарынын ТИЗМЕГИ
1. Орто кесиптик билим берүү адистиктери:
№
Коду
Даярдоо адистиктеринин аталышы
060000. Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер
1
060101
Дарылоо иши
2
060102
Акушердик иш
3
060104
Медициналык-профилактикалык иш
4
060106
Ортопедиялык стоматология
5
060107
Профилактикалык стоматология
6
060108
Фармация
7
060109
Медайымдык иш
8
060110
Лабораториялык диагностика
9
060111
Медициналык оптика
10
060112
Медициналык массаж
11
060113
Физикалык терапия
070000. Маданият жана искусство
12
070102
Аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча)
13
070104
Вокалдык искусство
14
070106
Хор дирижерлугу
15
070109
Эстрада музыкалык искусствосу (түрлөрү боюнча)
16
070113
Музыканын теориясы
17
070114
Соло жана хор элдик ырдоо
18
070115
Музыкалык үн оператору чеберчилиги
19
070201
Актердук искусство
20
070202
Цирк искусствосу
21
070203
Дүйнөлүк көркем маданият
22
070206
Театралдык-декорациялык искусство
23
070301
Балет искусствосу
24
070302
Хореография искусствосу
25
070501
Реставрация
26
070802
Декоративдик-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк (түрлөрү боюнча)
27
070903
Скульптура
28
070907
Живопись
29
071402
Социалдык-маданий ишмердүүлүк жана элдик көркөм чыгармачылык (түрлөрү боюнча)
2. Бүтүрүүчүгө "бакалавр" жана "магистр" квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттары:
№
Коду
Бакалавр, магистр даярдоо багыттарынын аталышы
560000. Саламаттык сактоо
30
560100
Коомдук саламаттык сактоо
570000. Маданият жана искусство
31
570100
Искусствонун тарыхы жана теориясы
32
570200
Музыка искусствосу
33
570300
Театр искусствосу
34
570500
Көркөм сүрөт искусствосу
35
570900
Реставрация
36
571000
Элдик көркөм маданият
37
571100
Телекөрсөтүү
770000. Аскердик билим берүү
38
770100
Командалык тактикалык мотоаткычтар аскерлери
3. Бүтүрүүчүгө "адис" квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттары:
№
Коду
Адистиктин аталышы
560000. Саламаттык сактоо
39
560001
Дарылоо иши
40
560002
Педиатрия
41
560003
Медициналык-профилактикалык иш
42
560004
Стоматология
43
560005
Фармация
44
560006
Медайымдык иш
570000. Маданият жана искусство
45
570001
Искусство таануу
46
570002
Театр таануу
47
570003
Хореография искусствосунун тарыхы жана теориясы
48
570004
Музыка таануу
49
570005
Кино таануу
50
570006
Кино операторлук
51
570007
Көркөм сүрөт искусствосунун тарыхы жана теориясы
52
570008
Аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча)
53
570009
Вокалдык искусство (вокалдык искусствонун түрлөрү боюнча)
54
570010
Дирижерлук (аткаруучу коллективдердин түрлөрү боюнча)
55
570011
Композиция
56
570012
Эстрада музыкалык искусствосу (түрлөрү боюнча)
57
570013
Үн режиссурасы (колдонуу чөйрөсү боюнча)
58
570014
Актердук искусство
59
570015
Режиссура (колдонуу чөйрөсү боюнча)
60
570016
Театралдык-декорациялык искусство
61
570017
Хореография искусствосу
62
570018
Хореограф режиссурасы
63
570019
Хореография педагогикасы
64
570020
Дизайн
65
570021
Интерьер жана жабдуулар
66
570023
Монументалдык-декоративдик искусство
67
570022
Декоративдик-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк
68
570024
Живопись
69
570025
Графика
70
570026
Скульптура
71
570027
Адабий чыгармачылык
72
570028
Элдик көркөм чыгармачылык
73
570029
Социалдык-маданий ишмердүүлүк
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону…Постановление · 17.02.2025 · № 77