# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022851>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38766/edition/27486/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022851.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому (17.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022851

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 17-февралы № 77

Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу

Онлайн окутуу методу менен кызмат көрсөтүүчү билим берүү уюмдарынын ишин тартипке келтирүү жана системалаштыруу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан билим берүү уюмдарынын каражаттарынын чегинде, ошондой эле аларды уюштуруучулардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
