# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2025-жылдын 19-февралындагы № 2827-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2025-жылдын 19-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2025-жылдын 19-февралындагы № 2827-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2025-жылдын 19-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2827-VII
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022815>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16213/edition/27456/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022815.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2025-жылдын 19-февралындагы № 2827-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2025-жылдын 19-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (19.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022815

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 19-февралы № 2827-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2025-жылдын 19-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши т о к т о м к ы л а т: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2025-жылдын 19-февралындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ант берүүсү; Ар кандай маселелер; «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; «Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2619-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.

Төрага

Н. Тургунбек уулу
