# Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 1/2-9 "Кызыл-Октябрь айыл аймагында музей ачуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 1/2-9 "Кызыл-Октябрь айыл аймагында музей ачуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1/2-9
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022782>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38743/edition/27421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022782.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 1/2-9 "Кызыл-Октябрь айыл аймагында музей ачуу жөнүндө" токтому (19.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022782

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 19-декабры № 1/2-9

Кызыл-Октябрь айыл аймагында музей ачуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 25-октябрындагы № 171 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кызыл-Октябрь айыл аймагынын элинин маданиятын өнүктүрүү, адамдын укугу менен эркиндигин кемсинтпеген үрп-адаттарды жана салттарды сактоо максатында Кызыл-Октябрь айыл кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кабыл алынган мыйзамга ылайык санжыра музейлери – адамдардын туугандык өз ара байланыштары, уруулардын тарыхы, айрым адамдардын теги жөнүндө материалдарды чогултууну, сактоону, изилдөөнү жана жайылтууну, ошондой эле туугандык байланыштарды аныктоону, муундар боюнча жазмаларды жана санжыраларды түзүүнү жүзөгө ашыруучу тарыхый тармактагы музейлерин ачуу боюнча Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына кабинет бөлүп берүү жана музей ачуу боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлсүн.

2. Токтомдун так аткарылышы айыл өкмөт башчысы Н.Ж.Сулаймановко милдеттендирилсин

Кеңешинин төрагасы

А. Карамырзаев
