Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин «Кызыл-Октябрь айыл аймагында музей ачуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 19-декабры № 1/2-9
Кызыл-Октябрь айыл аймагында музей ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 25-октябрындагы № 171 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кызыл-Октябрь айыл аймагынын элинин маданиятын өнүктүрүү, адамдын укугу менен эркиндигин кемсинтпеген үрп-адаттарды жана салттарды сактоо максатында Кызыл-Октябрь айыл кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабыл алынган мыйзамга ылайык санжыра музейлери – адамдардын туугандык өз ара байланыштары, уруулардын тарыхы, айрым адамдардын теги жөнүндө материалдарды чогултууну, сактоону, изилдөөнү жана жайылтууну, ошондой эле туугандык байланыштарды аныктоону, муундар боюнча жазмаларды жана санжыраларды түзүүнү жүзөгө ашыруучу тарыхый тармактагы музейлерин ачуу боюнча Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына кабинет бөлүп берүү жана музей ачуу боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун так аткарылышы айыл өкмөт башчысы Н.Ж.Сулаймановко милдеттендирилсин
Кеңешинин төрагасы
А. Карамырзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.