# Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2025-жылдын 29-январындагы № 11 "Жашылдандыруу- көрктөндүрүү,санитардык тазалоо боюнча салыктык эмес киреше жыйымын жоюу жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2025-жылдын 29-январындагы № 11 "Жашылдандыруу- көрктөндүрүү,санитардык тазалоо боюнча салыктык эмес киреше жыйымын жоюу жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022759>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38725/edition/27396/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2025-жылдын 29-январындагы № 11 "Жашылдандыруу- көрктөндүрүү,санитардык тазалоо боюнча салыктык эмес киреше жыйымын жоюу жөнүндө" Токтому (29.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022759

---

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

2025-жылдын 29-январындагы №11

Жашылдандыруу- көрктөндүрүү,санитардык тазалоо боюнча салыктык эмес киреше жыйымын жоюу жөнүндө

Оргочор айыл аймагында таштандыларды тазалоо, чыгаруу иштери Кызыл –Суу айыл өкмөтʏнө караштуу “Тазалык ” муниципалдык ишканасы менен иш алынып барылат. Ишканага таштанды чыгаруу үчүн ар бир кожолук 100 (жʏз ) сомдон акча каражатын төлөп жаткандыгына байланыштуу, 2018-жылдын 10-августундагы №90 “Кыргыз Республикасынын салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым” боюнча 24-главасынын 75-беренеси жыйымдын ставкасына таянып, Оргочор айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси С.Шаршембиеванын берген билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап жергиликтʏʏ кеӊеши токтом кылат:

1. 2018-жылдын 10-августундагы №90 “Кыргыз Республикасынын салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым” боюнча 24-главасынын 75-беренеси жыйымдын ставкасы эске алынсын.

2. Оргочор айыл аймагы боюнча ар бир кожолуктан салыктык эмес (өз ара салык) кирешелерден чогултулуп жаткан акча каражаты 2025-жылдын январь айынан тартып чогултуу токтотулсун.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго жана финансы - пландоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Асаналиевге жүктөлсүн.

Төрага А.Тыныбеков
