# Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 31-январындагы №10 "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун ижара акысысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 31-январындагы №10 "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун ижара акысысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022570>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38599/edition/27212/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 31-январындагы №10 "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун ижара акысысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому (31.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022570

---

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы (VII чакырылышы) 2025-жылдын 31-январы № 10 Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун ижара акысысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө.

Раззаков шаарынын мэриясынын “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун ижара акысысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” типтүү Жобосуна ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануунун ижара акысысы пайдаланган жер тилкелеринин 0,01га жер аянты үчүн 500сом өлчөмүндө бекитилсин.

Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

C.А.Саматов
