# Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 17-февралы № 21/4-9 "2025-2027-жылдарга Талас шаарынын аймагында жайгашкан турак имараттар жана орун жайлардын ставкаларын бекитүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 17-февралы № 21/4-9 "2025-2027-жылдарга Талас шаарынын аймагында жайгашкан турак имараттар жана орун жайлардын ставкаларын бекитүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21/4-9
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022553>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38584/edition/27197/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 17-февралы № 21/4-9 "2025-2027-жылдарга Талас шаарынын аймагында жайгашкан турак имараттар жана орун жайлардын ставкаларын бекитүү жөнүндө" (17.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022553

---

ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги IV сессиясынын

2025-жылдын 17-февралы № 21/4-9

2025-2027-жылдарга Талас шаарынын аймагында жайгашкан турак имараттар жана орун жайлардын ставкаларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин 13-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык, Мамлекеттик Салык кызматынын Талас шаары боюнча башкармалыгынын 13.01.2025-жылдагы №01-3-33 сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2025-2027-жылдарга Талас шаарынын аймагында жайгашкан турак имараттар жана орун жайлардын ставкалары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева.А.Ж.) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков.А.О) тапшырылсын.

Төрага

К. Джаныбеков

Тиркеме 1 Талас шаарынын аймагында жайгашкан турак имараттар жана орун жайлардын ставкалары алардын дубалынын материалына жана эксплуатацияга берилеген мөөнөттөрүнө жараша болжолдуу ставкасы.

Дубалдын материалы

Эксплуатацияга берилген мөөнөтү

Турак имараттын жана орун жайдын ставкасы 1 чарчы метрге,

сом менен

Кыш, жыгач, курамаже монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор, пеноблоктор, айнек, сендвич панель

5 жылга чейин

25

5-15 жыл

24

15-30 жыл

22

30-45 жыл

20

45 жылданашык

17

Чийки чопо (саман, гуваляк, сокмо) шлакоблок, полистролдук курулуш блогу

5 жылга чейин

17

5-15 жыл

15

15-30 жыл

13

30-45 жыл

10

45 жылданашык

8

Металл

Эксплуатация мөөнөттүнө карабастан

17

Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар

Эксплуатация мөөнөттүнө карабастан

13

Орточо ставка

16,75
