# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 2775-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 2775-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2775-VII
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022547>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16194/edition/27188/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022547.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 2775-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (05.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022547

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2025-жылдын 5-февралы № 2775-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

2025-жылдын февралына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календардык иш планын бекитүү жөнүндө; Ар кандай маселелер; 2024-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 120-беренесинин 2 жана 5-пункттарын түшүндүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы жөнүндө; "2024-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Макулдашуу катын (Гранттык макулдашууну) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2024-жылдын 8-октябрында Москва шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттерге жөнөтүлүүчү делегациялардын укуктук статусу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты алмашуу жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Күндөлүк операциялар \[жеңилдетилген шарттарда\]) (Ысык-Көл айланма автожолун (Барскоон - Каракол участогу) жакшыртуу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Ысык-Көл айланма автожолун (Барскоон - Каракол участогу) жакшыртуу боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна Чечейбаев Эркин Маратовичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө.

Төрага

Н. Тургунбек уулу
