# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 2784-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 2784-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2784-VII
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022541>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16193/edition/27184/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022541.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 2784-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (05.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022541

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 5-февралы № 2784-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 46-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Айдарбеков Чингиз Азаматович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана контролдук-бюджеттик комиссияга жиберилсин.

2. "Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 58-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Айдарбеков Чингиз Азаматович Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамынан чыгарылсын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев
