# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 17-февралы ПЖ № 50 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө " жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 17-февралы ПЖ № 50 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө " жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10834/edition/27161/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 17-февралы ПЖ № 50 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө " жарлыгы (10.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022519

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 17-февралы ПЖ № 50

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93, 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 124 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. (КР Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) (КР Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 124 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

(КР Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 124 Жарлыгына редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктунун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси эки айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
