# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүзөгө ашырылуучу иштерди аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүзөгө ашырылуучу иштерди аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 14.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022508>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38562/edition/27154/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022508.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүзөгө ашырылуучу иштерди аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (14.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022508

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 14-февралы № 68

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүзөгө ашырылуучу иштерди аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоого түздөн-түз байланышкан объекттерди куруунун натыйжалуулугун жана ыкчамдыгын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүзөгө ашырылуучу иштерди аныктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоого түздөн-түз байланышкан алдын алуу, жоюу, авариялык-калыбына келтирүү жана жээктерди бекемдөө иштерин, ошондой эле гидрокурулмаларды жана башка объекттерди куруу боюнча иштерди аткаруу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн деп аныкталсын.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
