# Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл кеңешинин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 23 "Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл кеңешинин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 23 "Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022433>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38506/edition/27080/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022433.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл кеңешинин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 23 "Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жөнүндө" токтому (06.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022433

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 6-октябры № 23 Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29- августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын жетекчилике алып, Элдик Курултайды өткорүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечими менен бекитилген календардык планга ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңеши чечим кылат:

1. 2023-жылдын 18-ноябрында ишемби күнү Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы С. Абдылдаева мектебинде Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын уюштурулсун.

2. Кызыл-Туу айыл аймагы боюнча калктын санына жараша (калк-8636) өкүлчүлүктүү жыйынга 50 өкүл шайлансын.

3. Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүү графиги, өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ төмонкү курамда бекитилсин:

- М.Б. Суюналиев – айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;

- Н.К. Джумабаева – айылдык кеңештин катчысы, жумушчу топтун катчысы;

- - айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;

- А.Б. Кыргызбаева – инспектор ВУС, жумушчу топтун мүчөсү;

- Г.Ж. Тойчубаева – эконом.статист, жумушчу топтун мүчөсү;

- Ж. Сансызбаев – коомдук активист, жумушчу топтун мүчөсү;

- А.Б. Надырова – коомдук активист, жумушчу топтун мүчөсү;

5.Кызыл-Туу айыл өкмөтү өкулчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү уюштурсун.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзумө калтырам.

Айылдык Кенештин төрагасы

М.Б. Суюналиев
