# Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 22 "Кызыл-Туу айыл аймагы менен Күнтуу айыл аймагынын бириктирүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 22 "Кызыл-Туу айыл аймагы менен Күнтуу айыл аймагынын бириктирүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38503/edition/27077/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 22 "Кызыл-Туу айыл аймагы менен Күнтуу айыл аймагынын бириктирүү жөнүндө" токтому (27.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022429

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 27-сентябры № 22 Кызыл-Туу айыл аймагы менен Күнтуу айыл аймагынын бириктирүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын административдик – аймактык түзүлушүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Кыргыз Рееспубликасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 Жарлыгын аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Административдик- аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12- беренесинин негизинде Кызыл-Туу айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагы менен Күнтуу айыл аймагынын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.

2. Бириккен айыл аймак “Күнтуу” айыл аймагы деп аталсын.

3. Бириккен Кызыл-Туу, Күнтуу айыл аймактарынын борбору Кызыл-Туу айылында жайгашсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагын өзүмө калтырам.

Кызыл-Туу айылдык Кенешинин төрагасы

М.Б. Суюналиев
