# Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл кеңешинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 13 "Жер участогунун өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл кеңешинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 13 "Жер участогунун өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022418>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38493/edition/27045/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022418.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл кеңешинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 13 "Жер участогунун өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому (03.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022418

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 3-апрели № 13 Жер участогунун өлчөмүн бекитүү жөнүндө Сокулук райондук архитектурасынан башкы планын түзүү үчүн жер амнистиясы боюнча өткөрүлүп берилген Кызыл-Туу айыл аймагынын аймагынан 4 (төрт) сотыхтан 20 (жыйырма) сотыхка чейин жер тилкесинин өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Джылжымышовтун арызын карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 01.04.2022-жылдагы №21 Мыйзамына ылайык “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” 2-берененин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы, № 291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин жеке турак-жай куруу боюнча туруктуу жер комиссиясынын корутундусун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сокулук райондук архитектурасынан башкы планын даярдоо үчүн жер амнистиясы боюнча өткөрүлүп берилген Кызыл-Туу айыл аймагынын аймагында жайгашкан Кызыл-Туу, Токбай, Маловодное, Кара-Сакал, Новое айылдарынын 4 (төрт) сотыхтан 20 (жыйырма) сотыхка чейин жер тилкесинин өлчөмү бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысына А.Б.Джылжымышовго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ИЖС боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Айылдык Кенешинин төрагасы

М.Б. Суюналиев
