Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл кеңешинин «Жер участогунун өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 3-апрели № 13 Жер участогунун өлчөмүн бекитүү жөнүндө Сокулук райондук архитектурасынан башкы планын түзүү үчүн жер амнистиясы боюнча өткөрүлүп берилген Кызыл-Туу айыл аймагынын аймагынан 4 (төрт) сотыхтан 20 (жыйырма) сотыхка чейин жер тилкесинин өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Джылжымышовтун арызын карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 01.04.2022-жылдагы №21 Мыйзамына ылайык “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” 2-берененин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы, № 291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин жеке турак-жай куруу боюнча туруктуу жер комиссиясынын корутундусун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук райондук архитектурасынан башкы планын даярдоо үчүн жер амнистиясы боюнча өткөрүлүп берилген Кызыл-Туу айыл аймагынын аймагында жайгашкан Кызыл-Туу, Токбай, Маловодное, Кара-Сакал, Новое айылдарынын 4 (төрт) сотыхтан 20 (жыйырма) сотыхка чейин жер тилкесинин өлчөмү бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысына А.Б.Джылжымышовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ИЖС боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кенешинин төрагасы
М.Б. Суюналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 31.05.2022 · № 291
- Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 01.04.2022 · № 21