# Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №3-10 “Муниципалдык менчиктеги Найман айыл өкмөтүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №3-10 “Муниципалдык менчиктеги Найман айыл өкмөтүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3-10
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022392>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38470/edition/27015/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №3-10 “Муниципалдык менчиктеги Найман айыл өкмөтүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому. (16.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022392

---

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы

2024-жылдын 16-апрели № 3-10 Муниципалдык менчиктеги Найман айыл өкмөтүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январы ПЖ № 3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна ылайык, муниципалдык менчикти сарамжалдуу пайдалануу максатында жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Найман айыл өкмөтүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берүү максатында “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Муниципалдык менчиктеги Найман айыл өкмөтүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2. Мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төраганын орун басары:

К. Кайымов
