# 2743-берене. Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230022236)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022236/st-2743>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230022236/edition/26821/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022236/st-2743.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2743-берене (10.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022236/st-2743

---

1. Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле жосун -

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;

18) 275-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

19) 276-беренеде:

а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында «55» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «100» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;

б) 2-бөлүктүн экинчи абзацында «75» жана «230» деген цифралар тиешелүү түрдө «150» жана «400» деген цифраларга алмаштырылсын;

в) 3-бөлүктүн экинчи абзацында «100» жана «280» деген цифралар тиешелүү түрдө «150» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;

20) 457-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«457-берене. Айлана-чөйрөнү коргоо, жер казынасын пайдалануу, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу орган

Айлана-чөйрөнү коргоо, жер казынасын пайдалануу, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 115, 122, 159, 203-213, 2131, 2132, 217, 218, 223-224, 2241, 225-227, 2271, 229-236, 2361, 237, 239, 2391, 240, 243-245, 2451-2453, 253-268, 274, 2742, 2743, 275, 276-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын көрөт.»;

21) 459-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«459-берене. Энергетикалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу орган

Энергетикалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 116-118, 120, 121, 180, 202, 269, 277-281, 385, 386, 394-396-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын көрөт.».

---

Мурунку берене: [2453-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022236/st-2453)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022236/st-2)
