Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2453-берене. Жаратылыш ресурстарын уруксатсыз пайдалануу
Күчүндө · 10.02.2025 редакциясы
Пайдалануу укугуна лицензия болгон учурлардан тышкары, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоочу мамлекеттик органдардын уруксаты жок жаратылыш ресурстарын уруксатсыз пайдаланганы, булгоочу заттарды чыгаргандыгы (таштагандыгы) үчүн төлөмдөрдү төлөбөө - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
11) 250-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«250-берене. Сууну бөлүштүрүү, суу ресурстарын алуу эрежелерин жана сууну пайдалануу эрежелерин бузуу
1. Калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу, ошондой эле өнөр жай муктаждыктары үчүн жеке жана юридикалык жактардын суу ресурстарын алуусу үчүн белгиленген суу бөлүштүрүү эрежелерин жана сууну пайдалануу эрежелерин бузуу -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу, ошондой эле өнөр жай муктаждыктары үчүн жеке жана юридикалык жактардын суу ресурстарын алуусу үчүн суу жеткирүү кызматтарына суу пайдалануучунун өз убагында төлөө боюнча милдеттерди аткарбоосу жана/же төлөөдөн качуусу -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды суу пайдалануучунун мыйзамдарга ылайык белгиленген тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз өз алдынча пайдалануусу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 290 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Суу пайдалануучунун суу пайдалануунун көлөмүн суу жеткирүүчүнүн уруксат берген көлөмүнөн ашыруусу -
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
12) 254-берененин экинчи абзацында «30» жана «130» деген цифралар тиешелүү түрдө «100» жана «280» деген цифраларга алмаштырылсын;
13) 259-берененин экинчи абзацында «100» жана «280» деген цифралар тиешелүү түрдө «200» жана «550» деген цифраларга алмаштырылсын;
14) 260-берененин экинчи абзацында «55» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «170» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
15) 264-берененин экинчи абзацында «55» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «100» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
16) 274-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында «55» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «100» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацында «150» жана «450» деген цифралар тиешелүү түрдө «200» жана «500»деген цифраларга алмаштырылсын;
17) төмөнкүдөй мазмундагы 2742 жана 2743-беренелер менен толукталсын:
«2742-берене. Мунай заттарын кабыл алуу, сактоо, май куюуга берүүгө даярдоо жана сапатын контролдоо эрежелерин бузуу
Мунай заттарын кабыл алуу, сактоо, май куюуга берүүгө даярдоо жана сапатын контролдоо эрежелерин бузуу - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Берененин тексти 10.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230022236/st-2453" title="2453-берене - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>