Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 10.02.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 209-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«209-берене. Мамлекеттик экологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тартуу же талаптарын аткарбоо
Мамлекеттик экологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тартуу же мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын аткарбоо - жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
2) 218-берененин экинчи абзацында «30» жана «130» деген цифралар тиешелүү түрдө «100» жана «280» деген цифраларга алмаштырылсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 2241-берене менен толукталсын:
«2241-берене. Уулуу өнөр жай калдыктарын жана өндүрүш менен керектөө калдыктарын сактоодо (жайгаштырууда), ташууда, пайдаланууда, зыянсыздандырууда жана көмүүдө экологиялык талаптарды бузуу
Уулуу өнөр жай калдыктарын жана өндүрүш менен керектөө калдыктарын сактоодо (жайгаштырууда), ташууда, пайдаланууда, зыянсыздандырууда жана көмүүдө экологиялык талаптарды бузуу - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
4) 25-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2271-берене менен толукталсын:
«2271-берене. Радиациялык коопсуздук боюнча эрежелерди, ченемдерди, нускамаларды жана башка талаптарды бузуу
Радиациялык коопсуздук боюнча эрежелерди, ченемдерди, нускамаларды жана башка талаптарды бузуу - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
5) 235-берененин экинчи абзацында «55» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «100» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
6) төмөнкүдөй мазмундагы 2361-берене менен толукталсын:
«2361-берене. Айлана-чөйрөгө агынды сууларды чыгарууну жүзөгө ашыруунун тартибин бузуу
Айлана-чөйрөгө агынды сууларды чыгарууну жүзөгө ашыруунун тартибин бузуу - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
7) төмөнкүдөй мазмундагы 2391-берене менен толукталсын:
«2391-берене. Бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча талаптарды бузуу
Бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча талаптарды бузуу же көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарбоо - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
8) 243-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында «75» жана «230» деген цифралар тиешелүү түрдө «150» жана «500» деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацында «55» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «150» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацында «55» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «150» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
г) 4-бөлүктүн экинчи абзацында «75» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «130» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
д) 5-бөлүктүн экинчи абзацында «100» жана «280» деген цифралар тиешелүү түрдө «200» жана «550» деген цифраларга алмаштырылсын;
е) 6-бөлүктүн экинчи абзацында «175» жана «550» деген цифралар тиешелүү түрдө «200» жана «650» деген цифраларга алмаштырылсын;
9) 244-берененин экинчи абзацында «55» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «150» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
10) төмөнкүдөй мазмундагы 2451 – 2453-беренелер менен толукталсын:
«2451-берене. Курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө маалыматтарды бербөө, жашыруу же бурмалоо
Курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө, ошондой эле аны булгоонун булактары жана көлөмдөрү жөнүндө маалыматты бербөө, жашыруу же бурмалоо, калдыктарды жайгаштыруу, булгоочу заттарды ченемден ашыкча чыгаруу жана таштоо жөнүндө фактыларды жашыруу же зыяндуу экологиялык кесепеттерге алып келген авариялар жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүн булгоонун деңгээли жөнүндө маалыматты бурмалоо - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Берененин тексти 10.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230022236/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>