# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-январындагы N 20-т (Акча кара- жат бөлүп берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-январындагы N 20-т (Акча кара- жат бөлүп берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 20-р
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19443/edition/26764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022194.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-январындагы N 20-т (Акча кара- жат бөлүп берүү тууралуу) тескемеси (20.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022194

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 20-январы № 20-т

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибинин 8-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 43-2-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган 10000000000 (он миллиард) сом суммасындагы акча каражаттарын 2025-жылга республикалык бюджетте каралган салыктык жана салыктык эмес кирешелердин эсебинен алардын түшүүсүнө жараша Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна которсун.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул тескеме 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
