Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын» долбоорун жана «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун өз убагында даярдоо тууралуу) тескемеси
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики от 26 января 2026 года № 27 "О некоторых вопросах в сфере бюджетирования на программной основе и бюджетной прозрачности в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-01-26.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 27 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 27-январы № 33-т
"2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын" долбоорун жана "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун өз убагында даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 81-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2025-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолун, 2026-2030-жылдарга салык жана бажы саясатынын негизги багыттарын, ошондой эле өткөн мезгилдер үчүн салык жеңилдиктерин баалоо боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберсин.
2. Бюджеттин ресурстарынын администраторлору 2025-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө 2025-2027-жылдарга кирешелер боюнча такталган болжолду жана тиешелүү эсептөөлөрү жана негиздемелери, ошондой эле кирешелер боюнча тобокелдиктерди чагылдыруу менен 2028-2030-жылдарга болжолду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана чарбалык коомдордо жана мамлекеттик ишканаларда мамлекеттик катышуу үлүшүн башкарууну жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдар 2025-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү берсин:
1) мамлекеттик менчикти менчиктештирүү, акциялардын мамлекеттик пакетине эсептелген дивиденддер, мамлекеттик ишканалардын пайдасы боюнча чарбакер субъекттердин бөлүгүндө түшүүлөрдүн 2025-2027-жылдарга такталган болжолун жана 2028-2030-жылдарга болжолун, ошондой эле мамлекеттик менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижарасы үчүн түшкөн төлөмдөрдүн болжолун;
2) 2025-2030-жылдар үчүн мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордун фискалдык тобокелдиктери боюнча кеңири жыйынды маалыматты.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2025-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө 2024-жыл үчүн кирешелер жана чыгымдар боюнча бюджеттин аткарылышын, 2025-2027-жылдарга бекитилген маалыматтарды, ошондой эле консолидацияланган бюджетти түзүү үчүн 2028-2030-жылдарга финансылык ресурстардын жана чыгымдардын такталган болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
5. 2026-2030-жылдарга бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын (мындан ары - БЧОС) берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Бул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн жана 2026-2030-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбооруна БЧОС берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
1) 2025-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө:
- коомдук угууларды өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө кабарлоо менен БЧОС долбоорун ведомстволук расмий веб-сайтка жарыяласын;
- жарандык коомдун, ошондой эле кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен сектордук стратегиялардын коомдук талкуусун өткөрсүн;
2) 2025-жылдын 5-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 "Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө" токтому менен бекитилген Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамага ылайык тиешелүү багыттар боюнча 2026-2030-жылдарга БЧОС долбоору боюнча документтердин топтомун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
7. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү берсин:
1) 2025-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө - 2024-жылдын бюджетин аткаруунун жыйынтыгы боюнча 2025-2027-жылдарга сметаларга өзгөртүүлөрдү жана ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөрүүлөрдү эске алуу менен 2028-2030-жылдарга пландалган чыгымдарды, тиешелүү эсептөөлөрү жана негиздемелери менен атайын эсептерде топтолгон каражаттар боюнча болжолду;
2) 2025-жылдын 25-июлуна чейинки мөөнөттө 2026-2028-жылдарга бюджеттик каражаттар боюнча жеткирилген контролдук цифраларга ылайык:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген сунуштамаларга жана сметалардын формаларына ылайык программалык негиздеги зарыл болгон эсептөөлөрү жана негиздемелери менен мамлекеттик тармактык өнүктүрүү программаларына негизделген автоматташтырылган системада 2026-2028-жылдарга атайын эсептерде топтолгон каражаттар боюнча кирешелердин жана чыгымдардын сметаларынын жана бюджеттик каражаттарынын чыгымдарынын бириктирилген сметаларынын долбоорлорун түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 "Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө" токтому менен бекитилген Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамага ылайык 2026-2028-жылдарга программалык негизде бюджеттердин долбоорлорун.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) 2025-жылдын 25-апрелине чейинки мөөнөттө ресурстар боюнча болжолго ылайык 2026-2028-жылдарга бюджеттик каражаттар боюнча контролдук цифралардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жеткирсин;
2) 2025-жылдын 5-майына чейинки мөөнөттө министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен контролдук цифралар боюнча пикир келишпестиктерди жоюу боюнча жумушчу кеңешмелерди өткөрсүн;
3) 2025-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө 2026-2030-жылдарга министрликтер, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволор үчүн чыгымдар боюнча жалпы контролдук цифраларды камтыган 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кароосуна киргизсин;
4) 2025-жылдын 15-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары менен контролдук цифралар боюнча пикир келишпестиктерди кароонун жыйынтыктары боюнча чечимдин долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешине берсин;
5) 2025-жылдын 10-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин чечими менен жактырылган контролдук цифраларды министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына жеткирсин;
6) "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөрсүн;
7) 2025-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна берсин;
8) 2025-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна берсин.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы № 28-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
10. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Тиркеме
2026-2030-жылдарга бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
7. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги
8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
9. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
10. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
11. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
12. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январы № 27 "Кыргыз Республикасында программалык негизде бюджеттөө жана бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 26.01.2026 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы N 28-т (2025-2029-жылдарга бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын берүүчү аткаруу бийлигинин…Распоряжение · 31.01.2024 · № 28-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январы № 27 "Кыргыз Республикасында программалык негизде бюджеттөө жана бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 26.01.2026 · № 27
- Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 27.01.2026 · № 9
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 21.01.2026 · № 5
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 "Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 349 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы N 28-т (2025-2029-жылдарга бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын берүүчү аткаруу бийлигинин…Распоряжение · 31.01.2024 · № 28-р · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 токтому менен бекитилген)Инструкция · 24.12.2021 · № 349 · Күчүн жоготкон