# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-январындагы ПЖ № 33 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Бириккен Улуттар Уюмунун Камактагыларга мамиле кылуунун минималдуу стандарттуу эрежелеринин Достор тобуна кошулуу тууралуу тышкы саясий демилгесине макулдук берүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-январындагы ПЖ № 33 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Бириккен Улуттар Уюмунун Камактагыларга мамиле кылуунун минималдуу стандарттуу эрежелеринин Достор тобуна кошулуу тууралуу тышкы саясий демилгесине макулдук берүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10832/edition/26679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-январындагы ПЖ № 33 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Бириккен Улуттар Уюмунун Камактагыларга мамиле кылуунун минималдуу стандарттуу эрежелеринин Достор тобуна кошулуу тууралуу тышкы саясий демилгесине макулдук берүү жөнүндө" Жарлыгы (30.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022153

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 30-январы ПЖ № 33

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Бириккен Улуттар Уюмунун Камактагыларга мамиле кылуунун минималдуу стандарттуу эрежелеринин Достор тобуна кошулуу тууралуу тышкы саясий демилгесине макулдук берүү жөнүндө

Бардык камактагыларга сый-урмат менен мамиле кылуу укугун жана алардын инсан катары баалуулугун таануу, ошондой эле камактагыларга мамиле кылуунун стандарттарын карманган мамлекет катары Кыргыз Республикасынын статусун жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Бириккен Улуттар Уюмунун Камактагыларга мамиле кылуунун минималдуу стандарттуу эрежелеринин Достор тобуна кошулуу тууралуу тышкы саясий демилгесине макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Камактагыларга мамиле кылуунун минималдуу стандарттуу эрежелеринин Достор тобуна Кыргыз Республикасынын кошулгандыгы жөнүндө аталган Достор тобуна кабарласын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
