# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 61-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Shenzhen Energy Group Co., Ltd." компаниясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында 300 МВт кубаттуулуктагы шамал электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 61-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Shenzhen Energy Group Co., Ltd." компаниясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында 300 МВт кубаттуулуктагы шамал электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 61-р
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19439/edition/26669/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 61-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Shenzhen Energy Group Co., Ltd." компаниясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында 300 МВт кубаттуулуктагы шамал электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну жактыруу тууралуу) тескемеси (04.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022146

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 4-февралы № 61-т Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүү максатында, "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 111-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Shenzhen Energy Group Co., Ltd." компаниясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында 300 МВт кубаттуулуктагы шамал электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө расмий тилде тиркелген инвестициялык макулдашуу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын энергетика министрине бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууну ишке ашырууну координациялоо боюнча жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
