# Арстанбап айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-январындагы № 11 "Арстанбап айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2022-жыл 31-майдагы №291 токтомун ишке ашыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Арстанбап айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-январындагы № 11 "Арстанбап айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2022-жыл 31-майдагы №291 токтомун ишке ашыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38246/edition/26661/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Арстанбап айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-январындагы № 11 "Арстанбап айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2022-жыл 31-майдагы №291 токтомун ишке ашыруу жөнүндө" токтому (26.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022141

---

АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ VIII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ

2023-жылдын 26-январындагы № 11

Арстанбап айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2022-жыл 31-майдагы №291 токтомун ишке ашыруу жөнүндө Арстанбап айыл өкмөту башчысы И.С.Чолпоновтун Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2022-жыл 31-майдагы №291 токтомун ишке ашыруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VIII чакырылыш кезектеги XIII сессиясы

Т О К ОТ О М К Ы Л А Т

1. Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2022-жыл 31-майдагы №291 токтому аткарууга алынсын.

2. Арстанбап айыл аймагы тоолуу аймак болуп 5-6-ай кыш болуусун жана кардын калын түшүшүн,элдин жашоо турмушун оор экендигин эске алып , Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2022-жыл 31-майдагы №291 токтомунун негизинде мыйзамсыз курулган турак жайлардын жер аянты турак жай ээлерине 0,20 га га чейин берилсин.

3. Токтомду аткаруу Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы И.С.Чолпоновко милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзадуулукту сактоо,жарандардын укугун,кызыкчылыгын коргоо, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы:

Ж.Абдухалилов
