# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы менен "All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC" компаниясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын ички темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча "Трансевразиялык маршрут" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы менен "All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC" компаниясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын ички темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча "Трансевразиялык маршрут" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38228/edition/26625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы менен "All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC" компаниясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын ички темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча "Трансевразиялык маршрут" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтому (18.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022121

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 18-февралы № 78 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы менен "All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC" компаниясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын ички темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча "Трансевразиялык маршрут" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө

"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 18-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 293-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын ички темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча "Трансевразиялык маршрут" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун "долбоордук кум коргон" режиминде ишке ашыруу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик мамлекеттик өнөктөштү аныктасын жана кызыкдар тарап болгон "All American Rail Group Global infrastructure Partner LLC" компаниясы менен "долбоордук кум коргон" режиминдеги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө расмий тилдеги макулдашууга кол койсун.

3. Жогоруда аталган долбоорду деталдуу иштеп чыгуу, анын ичинде финансылык бөлүгү ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууга кол коюлгандан кийин мамлекеттик жана жеке өнөктөш тарабынан жүргүзүлөт деп аныкталсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2025-жылдын 18-февралында https://www.gov.kg/ky/npa/s/4621 расмий сайтында жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
