# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралы № 55 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралы № 55 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022058>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38198/edition/26543/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022058.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралы № 55 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (04.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022058

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 4-февралы № 55

Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө

"Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине, "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
