# 9-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5481/edition/26557/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022035/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 9-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-9

---

«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

«7. Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) төлөмдү накталай эмес формада жүзөгө ашыруу үчүн банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн багытталган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) колдонууга милдеттүү.»;

2) 17-берененин 5-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«5. Керектөөчүнүн талаптары керектөөчү тарабынан контролдук-кассалык чек, ал эми кепилдик мөөнөттөрү белгиленген товарларга карата, – анын ичинде техникалык паспорту же башка аны алмаштырган документи көрсөтүлгөндө каралат. Сатуучу керектөөчүгө контролдук-кассалык чекти же сатып алуу фактысын күбөлөндүргөн башка документти берүүгө милдеттүү.»;

3) 24-берененин 1-пунктунун үчүнчү абзацында «товардык чеги же кассалык чеги» деген сөздөр «контролдук-кассалык чеги» деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 27-беренеде:

а) он бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүдө төлөм тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн багытталган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) колдонуу менен сатып алуучунун накталай эмес формада төлөө ыкмасын тандоосун чектөөгө. Сатуучулардын (аткаруучулардын) тизмеги, ошондой эле ага ылайык сатуучулар (аткаруучулар) банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) өздөрүндө орнотууга милдеттүү болгон критерийлер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;»;

б) төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте контролдук-кассалык чекти бербестен продукцияны сатууга; банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн багытталган, башка жакка катталган жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) колдонууга.».

---

Мурунку берене: [2492-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-2492)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-10)
