# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5481/edition/26557/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022035/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-5

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122–133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 65-беренеде:

а) 3-бөлүктө «225-беренесинде каралган кылмышты» деген сөздөр «225, 238, 239-беренелеринде, 240-беренесинин 2–4-бөлүктɵрүндө каралган кылмыштарды» деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 4-бөлүктө «225-беренесинде каралган кылмышты» деген сөздөр «225, 238, 239-беренелеринде, 240-беренесинин 2–4-бөлүктɵрүндө каралган кылмыштарды» деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 238–240-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«238-берене. Акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо

1. Жасалма акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын (маркалоо коддорун) сатуу максатында даярдоо, ага тете сатуу максатында сактоо же жасалма акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын ири өлчөмдө же болбосо алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан пайдалануу –

3000ден 5000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар –

5000ден 7000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде:

– ири өлчөм деп эки жүз же андан ашык жасалма акциздик марка же идентификациялоо каражаты таанылат;

– өзгөчө ири өлчөм деп беш жүз же андан ашык жасалма акциздик марка же идентификациялоо каражаты таанылат.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-50)  
Кийинки берене: [239-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-239)
