# 3094-берене. Соода базарларынын/кичи базарлардын ээлери (дирекциялары) тарабынан турак эмес мүлк объекттери жөнүндө маалыматты салык кызматынын органдарына бербөө жана/же берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-3094>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5481/edition/26557/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022035/st-3094.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3094-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-3094

---

Соода базарларынын/кичи базарлардын ээлери (дирекциялары) тарабынан кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн базарлардын/кичи базарлардын аймагында жайгашкан турак эмес мүлк объекттери жөнүндө маалыматты бербөө жана/же берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу, – юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;

7) 312-беренеде «100» жана «280» деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша «300» жана «800» деген цифраларга алмаштырылсын;

8) 313-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«313-берене. Милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарларды отун маркерисиз же маркалоо каражаттарын товарга жана/же анын таңгагына чаптабастан өндүрүү, импорттоо жана сатып ɵткɵрүү

Маркаланууга тийиш болгон товарларды отун маркерисиз же акциздик маркаларды же идентификациялоо каражаттарын товарга жана/же анын таңгагына чаптабастан өндүрүү, импорттоо, ташып киргизүү, сактоо жана сатуу, ага тете идентификациялоо каражаттарын пайдалануунун белгиленген тартибин жана/же эрежелерин бузуу, эгерде мындай укук бузуу кылмыштын белгилерин камтыбаса, – жеке жактарга 300 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;

9) 314-берененин экинчи абзацында «200» жана «650» деген цифралар тиешелүүгүнө жараша «300» жана «800» деген цифраларга алмаштырылсын;

10) төмөнкүдөй мазмундагы 3162 жана 3163-беренелер менен толукталсын:

«3162-берене. Навигациялык пломбаларды пайдалануу менен тышкы экономикалык иштин катышуучусу тарабынан навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарларды ташууга байкоо жүргүзүү тутумунун улуттук операторуна маалыматтарды бербөө жана/же берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу

Эгерде көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укуктарына ылайык милдеттүү болуп саналса, навигациялык пломбаларды пайдалануу менен тышкы экономикалык иштин катышуучулары тарабынан навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарларды ташууларга байкоо жүргүзүү тутумунун улуттук операторуна маалыматтарды бербөө жана/же берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу – жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-7)  
Кийинки берене: [3163-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-3163)
