Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2492-берене. Чет өлкөлүк субъекттин тапшырмасы боюнча салык төлөөчүнүн эсебинен алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыгуучу мындай субъекттин кирешесине салыктын ставкасы жана салыктык база
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы
1. Мындай субъекттин тапшырмасы боюнча салык төлөөчүнүн эсебинен алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан чет өлкөлүк субъекттин кирешесине салык боюнча салыктык база чыгарып салууларды жүргүзбөстөн анын дарегине же үчүнчү жактын дарегине алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасы болуп саналат.
2. Мындай субъекттин тапшырмасы боюнча салык төлөөчүнүн эсебинен алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан чет өлкөлүк субъекттин кирешесине мындай салык төлөөчүдөн 1 пайыз өлчөмүндөгү ставка боюнча салык салынууга тийиш.»;
95) 258-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Уюм жоюлганда же жеке ишкердин иши токтотулганда, жоюу же реструктуризациялоо жолу менен банкрот болгондо, жалпы салык режимине ылайык салыктарды төлөө мезгилинин ичинде сатып алынган товардык-материалдык запастардын, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин калдыктары алардын эсептик наркы боюнча сатылды деп таанылат. Салык төлөөчү жалпы салык режиминен атайын салык режимине өткөндө алардын эсептик наркы боюнча тɵмɵнкүлɵр сатылды деп таанылат:
1) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынган алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган товардык-материалдык запастардын калдыктары;
2) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынган, алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер.»;
96) 261-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Эгерде ушул берененин 3-бөлүгүндө башкача каралбаса, салык салынуучу берүүлөрдүн датасына чейин эсеп-фактура жазып берилген же акы төлөө алынган учурларда, анда салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы болуп кайсынысы мурдараак болгондугуна жараша эсеп-фактура жазып берилген же акы алынган дата саналат.»;
97) 266-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Салык төлөөчү тарабынан айыл чарба канаттуулары жана балыктары үчүн өндүрүлгөн тоюттарды айыл чарба канаттууларын жана балыктарды өстүрүү боюнча иш жүргүзгөн айыл чарба өндүрүүчүсүнүн дарегине берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.»;
98) 276-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«276-берене. Мамлекеттик тилдеги окуу куралдарын жана мектепке таандык буюмдарды, илимий басылмаларды, адабий-көркөм китептерди берүү
Мамлекеттик тилдеги окуу китептерин, хрестоматияларды, илимий, адабий-көркөм китептерди, балдар үчүн басылмаларды, журналдарды берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.»;
99) 287-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
«4) юридикалык жактардын бирикмелеринин, иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин, коомдук бирикмелердин өз мүчөлөрүнүн жана/же катышуучуларынын дарегине консультациялык-укуктук кызмат көрсөтүүлөрү болсо;
5) көп батирлүү үйдүн жашоочуларынын жалпы үлүштүк менчиги болуп саналган мүлктү турак жай менчик ээлеринин шериктиктери тарабынан ижарага берүү боюнча болсо.»;
100) 289-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«289-берене. Минералдык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарын берүү
Тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган минералдык жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарын берүүлөр 2030-жылдын 1-январына чейин КНСтен бошотулган берүүлөр болуп саналат.»;
101) 295-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пункттун «в» пунктчасынын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
б) 3-пункттун «а» пунктчасы «маданият» деген сөздөн кийин «, дин» деген сөз менен толукталсын;
102) 297-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) коммерциялык эмес уюмдар, республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси же жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан импорттолуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн адистештирилген товарлар;»;
б) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте гуманитардык жардам жана/же грант катары – 2030-жылдын 1-январына чейин;»;
в) 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«20) энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана гидроэлектростанцияларды пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлар жана жабдуулар;»;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 27 жана 28-пункттар менен толукталсын:
«27) зер буюмдарын өндүрүү үчүн арналган, мындай буюмдарды өндүрүүчү тарабынан өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн импорттолуучу металл камтыган рудалар, концентраттар, эритиндилер жана аффинаждалган металлдар;
28) ASTM D8364 стандарты боюнча сертификатталган, ирригациялык каналдарды куруу же калыбына келтирүү үчүн арналган, ЕАЭБ ТН ТЭИ 5603 14 900 0 коду менен классификацияланган геосинтетикалык цементтик композиттик маттар, – 2027-жылдын 1-январына чейин.»;
103) 298-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу айыл чарба асыл тукум малдар жана үрөндүк материалдар, минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттары 2030-жылдын 1-январына чейин КНС төлөөдөн бошотулат.»;
104) 301-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) ТЭИ ТН 7308, 7326, 8401-8406, 840710, 8410-8414, 8416-8447, 8449-8465, 8471, 8474, 8475, 8477-8480, 8502, 8504, 8505, 8514, 8515, 8525, 8526, 8529, 8530, 8601-8606, 8608, 8609, 8701, 8702 (микроавтобустарды кошпогондо), 8704, 8705, 8709, 8716, 8802, 9018, 9022, 9027, 9406 90 310 0;»;
105) 309-берененин 7-бөлүгүндө «бөлүктө» деген сөз «беренеде» деген сөзгө алмаштырылсын;
106) 315-беренеде:
а) 1-бөлүктө «жана салык салынбоочу» деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүктүн 1-пунктунун «в» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«в) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда контролдук-кассалык жана товардык чектер алынса;»;
107) 322-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Эгерде ушул бөлүмдө башкасы каралбаса, ушул беренеге ылайык иштин төмөнкүдөй түрлөрүнө КНС салынууга тийиш:
1) ата мекендик өндүрүштүн чийки затынан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүү;
2) ата мекендик өндүрүштөгү баалуу металлдардан жана сыныктардан жасалган зер буюмдарын өндүрүү – 2027-жылдын 1-январына чейин;
3) салык төлөөчүдөн сатып алынган ата мекендик айыл чарба продукциясын сатуу боюнча соода тармагына кирген, айыл чарба өндүрүүчүсү же айыл чарба кооперативи же айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору катары салыктык каттоодон өткөн КНС төлөөчүнүн соода иши – 2030-жылдын 1-январына чейин. Ата мекендик айыл чарба продукциясынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн иштин түрлөрүнүн тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.»;
б) 2-бөлүктүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
108) 324-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«5. Ушул берененин 1 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген режимди колдонгон салык төлөөчү ушул бөлүмгө ылайык жеңилдиктерди жана бошотууларды эске алуу менен бюджетке импортко КНС төлөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында негизги каражаттарды, товарларды жана материалдык эмес активдерди түздөн-түз өзү пайдалануу үчүн сатып алууга жана/же импорттоону жүзөгө ашырууга укуктуу. Ушул бөлүккө ылайык алып келинген активдер импорттун датасынан тартып 60 айлык мезгил өткөнгө чейин ээликтен ажыратылган учурда, салык төлөөчү мындай актив ээликтен ажыратылган айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып жалпы салыктык режим боюнча салыктарды эсептөөгө жана төлөөгө өтүүгө милдеттүү.»;
109) 329-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. КНСтин ашкан суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн, анын ичинде санариптик казыналык милдеттенмелердин эсебинен жүзөгө ашырылат.»;
110) 333-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Ушул берененин максатында өндүрүү өзүнө мунайды жана мунай продуктуларын аралаштырууну жана кошумчаларды кошууну (компаундаштырууну) камтыйт.»;
111) 334-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 9-пункт «2710» деген цифралардан кийин «, 3403» деген цифралар менен толукталсын;
б) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10) ТЭИ ТН 2711 11 0000-2711 19 0000, 2901 10 0001 товардык позицияларында классификациялануучу автомобиль күйүүчү майы катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газы (СКГ).»;
112) 336-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
– 12-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
4)
Түтүктүү, чегүүчү, кальяндык тамеки (тамеки продукциясын өндүрүү үчүн чийки зат катарында пайдаланылуучу тамекини кошпогондо): 2025-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 31-декабрын камтуу менен 2026-жылдын 1-январынан тартып 2026-жылдын 31-декабрын камтуу менен
2403
килограмм
4000 сом
4250 сом
2027-жылдын 1-январынан тартып
4500 сом
»;
– 13-пунктта:
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «
4)
мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер, дистилляттар жана компоненттер
2710 12 110- 2710 12 900; 2710 19 110 0- 2710 19 150 0; 2710 19 250 0- 2710 19 290 0; 2902 70 000 0-2902 60 000 0; 2909 19 900 0; 2921 42 000 1
тонна
10000 сом
»; 9-пунктчада «тонна» деген сөз «1000 литр» деген сөздөргө алмаштырылсын; 11-пунктчада «тонна» деген сөз «1000 литр» деген сөздөргө алмаштырылсын; 12-пунктча «2711 19 0000» деген цифралардан кийин «; 2901 10 0001» деген цифралар менен толукталсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Этил спиртин атайын керектөөчүлөр болуп этил спиртин медициналык, ветеринардык максаттарда жана этил спиртин, алкоголдуу жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарбынан бекитилген ченемдердин чегинде дезинфекциялоочу каражаттарды жана парфюмердик-косметикалык продукцияларды өндүрүү үчүн пайдалануучу жактар саналат.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«5. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 12-пунктунун 4-пунктчасында акциз ставкасы керектөө таңгагында (идишинде) тамеки чийки затынын массасы көрсөтүлгөн шартта тамеки продукциясындагы тамеки чийки затынын массасына карата колдонулат. Эгерде кальян үчүн тамеки боюнча тамекинин чийки затынын массасы нетто салмагынын 20 пайызынан аз болсо, анда салык нетто салмагынын 20 пайызынан эсептелет. Керектөө таңгагында (идишинде) тамекинин чийки затынын салмагы жөнүндө маалымат жок болгон учурда акциздин ставкасы нетто салмагына карата колдонулат.»;
113) 344-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Эгерде аталган товарлар Кыргыз Республикасынын аймагында сатылуучу акциздик товарларды өндүрүү үчүн негизги чийки зат катары пайдаланылган болсо, акциз салыгын төлөөчү акциздин суммасын акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алууда же Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо төлөнгөн акциздин суммасына азайтууга укуктуу.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык эсептен чыгаруу салык мезгилинин ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында сатылуучу акциздик товарды өндүрүүгө акциздик чийки заттын иш жүзүндө пайдаланылган акциздик чийки заттын саны боюнча акциздин салык төлөөчүнүн салык саясатында каралган акциздик чийки заттан акциздик товарды чыгаруу ченемдеринин негизинде аныкталган суммасына жүргүзүлөт.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4. Эгерде аталган товарлар экспорттолуучу акциздик товарды өндүрүү үчүн чийки зат катары пайдаланылган болсо, акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алууда же Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо төлөнгөн акциздик чийки зат үчүн акциздин суммасы чыгарып салынууга тийиш эмес.»;
114) 345-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«3) эгерде ушул бөлүмдө башкасы каралбаса, акциз бюджеттин кирешесине төлөнгөндүгүн ырастоочу отун маркерин акциздик товардын курамына кошуу.»;
115) 349-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Бонус төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) ушул Кодекстин 351-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык салуу объекти боюнча фонддук биржаларда листингден өткөн салык төлөөчү;
2) жер астындагы сууларды айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдаланууда аларды алуу (жер алдынан чыгаруу) боюнча айыл чарба өндүрүүчүсү.»;
116) 352-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11) кум-шагыл аралашмасын жана суглинокторду казып алууда – арыз берүүчү тарабынан бекитилген жумуштардын программасында көрсөтүлгөн казып алуунун көлөмү, анын негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда мамлекеттик каттоо жолу менен казып алууга укук берилет;»;
117) 356-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5) жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болгон мезгилде казылып алынган пайдалуу кендердин калдыктарын сатууну.»;
118) 358-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) КНСти, сатуудан алынуучу салыкты эсепке албастан жана пайдалуу кендерди жеткирүүгө/ташууга чыгымдарды кошпостон түшкөн акча же алтынды, күмүштү жана платинаны кошпогондо, пайдалуу кендердин аларды кайра иштетүүгө чейинки өздүк наркы;»;
119) 364-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) иши ушул Кодекстин 183-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон иштин түрлөрүнө кирген өнөр жай ишканалары (тоо-кен кайра иштетүүчү, тоо-кен казып алуучу ишканаларды, ошондой эле акциздик товарларды чыгаруучу ишканаларды кошпогондо);»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-пункттар менен толукталсын:
«11) юридикалык жактардын бирикмеси, иш берүүчүлөр бирикмеси, коомдук бирикме тарабынан өз мүчөлөрүнүн жана/же катышуучуларынын дарегине;
12) пенсиялык камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү жана почта байланышы тармагында лицензиянын негизинде иш жүргүзгөн, мамлекеттин акциялары 50 %дан ашыгын түзгөн акционерлердин саны бар дайындалган почта операторлорунун салттуу почта кызмат көрсөтүүлөрү.»;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«3) турак жай менчик ээлеринин шериктиктери тарабынан көп батирлүү үйдүн жашоочуларынын жалпы үлүштүк менчиги болуп саналган мүлктү ижарага берүү боюнча.»;
120) 366-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Эгерде бул беренеде башкасы каралбаса, салыктык база болуп КНС жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке албаганда ишкердик иштен товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча саналат.»;
121) 368-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
– 1-пункттун «а» пунктчасында «өндүрүш чөйрөсү» деген сөздөр «товарларды өндүрүү чөйрөсү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пункттун «а» пунктчасында «өндүрүш чөйрөсү» деген сөздөр «товарларды өндүрүү чөйрөсү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Эгерде ушул бөлүктө башкасы белгиленбесе, сатуудан алынуучу салыктын ставкасы банк үчүн – 2 пайыз, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн жана виртуалдык активди сатууда – 5 пайыз, жаңыдан курулган турак жана турак эмес жайларды сатуу боюнча ишкердик субъекттеринин иши үчүн – 2 пайыз, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары үчүн – 2 пайыз, топтолмо пенсиялык фонддор үчүн – 1 пайыз өлчөмүндө белгиленет.»;
г) 4-бөлүктө:
– 1-пунктта «же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын» деген сөздөр алып салынсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«3) өзгөчө режимдеги соода зоналарында ишке салыктын негизинде иш жүргүзгөн субъекттин – төлөө учурунда төмөнкүлөр белгиленет:
а) накталай эмес формада – 1 пайыз өлчөмүндө;
б) накталай формада – 3 пайыз өлчөмүндө.»;
д) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
122) төмөнкүдөй мазмундагы 3701-берене менен толукталсын:
«3701-берене. Жөнөкөй шериктик келишимине ылайык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда сатуудан алынуучу салыкты төлөөнүн өзгөчөлүктөрү
Жөнөкөй шериктиктин ишинин алкагында жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу мындай шериктик келишимине ылайык эсепке алууну жүргүзүү боюнча милдет жүктөлгөн салык төлөөчүнүн сатуусу деп таанылат.»;
123) 371-берененин 4-бөлүгүндө «же орто» деген сөздөр алып салынсын;
124) 373-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун «в» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«в) ипотекалык кредиттөө келишими боюнча сатып алынган;»;
125) 374-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
«11. Мүлк объекттерин финансылык ижарага берүүдө лизинг берүүчү мүлк салыгын төлөөчү болуп саналат.»;
б) 2-бөлүктө:
– «1-бөлүгүндө» деген сөздөр «1 жана 11-бөлүктөрүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11) келишимде лизинг берүүчү тарабынан бюджетке төлөнүүчү салыктын суммасын бөлүп берүү менен мүлк объектин финансылык ижарага алуу келишиминин алкагында лизинг алуучудан лизинг берүүчү тарабынан;»;
126) 376-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун «в» пунктчасында «белгиленген тартипте аныкталуучу» деген сөздөр «белгиленүүчү» деген сөзгө алмаштырылсын;
127) 379-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) турак жай имараттары жана жайлары үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилүүчү ставкаларга ылайык;»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«3. Турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын ставкаларын бекитүү үч жылда бир жолу учурдагы салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирилбеген мөөнөттө жүзөгө ашырылат жана кийинки салык мезгилинин биринчи айынын 1инен тартып колдонулат. Ставкалардын өлчөмү 1 квадрат метр үчүн 100 сомдон ашпоого тийиш.»;
128) 380-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«380-берене. Мүлк салыгын эсептөө үчүн формула
1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, мүлк салыгынын суммасын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
С = СБ х СН х СС, мында: С – мүлк салыгынын суммасы; СБ – салык базасы; СН – мүлк объектинин бирдигинин салыктык наркы; СС – салыктын ставкасы.
2. Турак жай имаратына мүлк салыгынын суммасын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
С = СБ x CС, мында: С – мүлк салыгынын суммасы; СБ – салык базасы; CС – салыктын ставкасы.»;
129) 381-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган, үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участоктору, айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогу, турак жай имараты жана жайы, ошондой эле базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн турак жай эмес курулма жайгашкан жер;
2) транспорт каражатынын менчик ээси болуп саналган жеке жактын паспортунун маалыматтарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган жери.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-бөлүктөр менен толукталсын:
«21. Салык органдары тарабынан базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан турак жай эмес курулмага мүлк салыгын эсептөө учурдагы жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө базардын/кичи базардын ээси (дирекциясы) тарабынан берилүүчү маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат. Маалыматтарды берүүнүн формасы жана тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
22. Салык төлөөчүдө бирден ашык мүлк объектиси болгон учурда жеке жактардын турак жай имаратына, жайына жана транспорт каражатына мүлк салыгын эсептөөдө салык органы төмөнкүлөргө карата жеңилдикти колдонууга укуктуу:
1) ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык салыктын эсептелген суммасынын эң чоң өлчөмүндөгү турак жай имаратына же жайга карата;
2) ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык салыктын эсептелген суммасынын эң чоң өлчөмүндөгү турак жай мүлкүнүн салык салынуучу бир объектине карата;
3) төмөнкү учурларда жеңилдиктер берилүүгө тийиш болгон ар кандай мүлк объекттерине карата, эгерде:
– ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн турак жай мүлкүнүн эки жана андан ашык объекттерине салыктын эсептелген суммасы бирдей эң кɵп мааниге ээ болсо;
– ушул Кодекстин 409-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын менчигинде турган эки же андан ашык транспорт каражаттарынын ичинен күйүүчү кыймылдаткычынын көлөмүнүн же баланстык наркынын мааниси бирдей эң кɵп мааниге ээ болсо.»;
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Салык органынын ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салыктын суммасын эсептөө жөнүндө билдирүүсү айыл чарба жерлерине тиешелүү жер участогуна мүлк салыгын кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген салыкты төлөө мөөнөтүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен салык төлөөчүгө тапшырылат, ал салык төлөөчүгө учурдагы салык мезгилинин 1-апрелинен кечиктирилбестен тапшырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) салык органынын реквизиттерин;
2) салык төлөөчүнүн реквизиттерин;
3) салыкты эсептөө үчүн негизди;
4) салык базасынын өлчөмүн жана эсептелген салыктын суммасын;
5) салыкты төлөөнүн белгиленген мөөнөтүн.»;
130) 382-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«382-берене. Салыкты төлөө орду
Мүлк салыгы төмөнкүдөй орду боюнча төлөнөт:
1) имараттын, жайдын, курулманын жана жер участогунун жайгашкан жери боюнча;
2) транспорт каражаттарынын ээлери болуп саналган уюмдун же паспортунун маалыматтарына ылайык жеке жактын Кыргыз Республикасындагы салыктык каттоо жери боюнча.
Бишкек шаарынын чегинде мүлк объектин каттоодо мүлк салыгы салык төлөөчүнүн учурдагы салыктык катталган жери боюнча төлөнүшү мүмкүн.»;
131) 384-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Эгерде ушул беренеде башкасы белгиленбесе, салык төлөөчү базарлардын/кичи базарлардын аймагында жайгашкан турак жай эмес курулмаларды кошпогондо, учурдагы салык мезгили үчүн калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, турак жай эмес имараттарга, жайларга жана курулмаларга, ошондой эле юридикалык жактардын транспорт каражаттарына мүлк салыгынын маалыматтык эсебин төмөнкүдөй берүүгө милдеттүү:
1) уюм – учурдагы жылдын 1-апрелине чейин;
2) жеке жак, анын ичинде жеке ишкер – учурдагы жылдын 1-майына чейин.»;
б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
132) 386-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«386-берене. Турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн базалык салык наркы
1. Турак эмес имараттын, курулманын же жайдын бир чарчы метр аянтынын базалык салыктык наркы дубалынын материалына жана мүлк объектисин пайдаланууга берген жылга жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
Дубалдардын материалы
Эксплуатациялоо мөөнөтү
Базалык салыктык наркы, сом
Кыш
5 жылга чейин 5–15 жыл 15–30 жыл 30–45 жыл 45 жылдан ашык
15000
14000
13000
12000
10000
Жыгач
5 жылга чейин 5–15 жыл 15–30 жыл 30–45 жыл 45 жылдан ашык
13000
12000
11000
10000
8000
Курама же монолиттүү бетон, темир бетон, бетон блоктор, кум блок, пеноблок, пенобетон, айнек, сэндвич-панель
5 жылга чейин 5–15 жыл 15–30 жыл 30–45 жыл 45 жылдан ашык
14000
13000
12000
11000
10000
Чийки топо (саман, гуваляк, сокмо)
5 жылга чейин 5–15 жыл 15–30 жыл 30–45 жыл 45 жылдан ашык
10000
9000
8000
6000
5000
Шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу
5 жылга чейин 5–15 жыл 15–30 жыл 30–45 жыл 45 жылдан ашык
9000
8000
7000
6000
5000
Металл
Эксплуатациялоо мөөнөтүнө карабастан
10000
Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар
Эксплуатациялоо мөөнөтүнө карабастан
8000
2. Турак эмес имараттын, курулманын же жайдын бир чарчы метринин базалык салыктык наркын аныктоо үчүн турак эмес имараттын, курулманын же жайдын дубалдарындагы басымдуулук кылган материалдар негиз катары кабыл алынат. Дубалдардагы басымдуулук кылган материалды аныктоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.»;
133) 387-берененин аталышында жана биринчи абзацында ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандагы «имарат» деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандагы «турак эмес имарат» деген сөздөргө алмаштырылсын;
134) 388-беренеде:
а) аталышында жана 2-бөлүгүндө «Имараттар», «имараттар» деген сөздөр «Турак эмес имараттар», «турак эмес имараттар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн зоналык коэффициент Кз калктуу конуш боюнча турак эмес имараттын, курулманын жана жайдын салыктык наркынын 1,0 барабар болгон орточо маанисине карата турак эмес имараттын, курулманын жана жайдын салыктык наркынын калктуу конушта – административдик райондо жайгашканына жараша өзгөрүшүн мүнөздөйт. Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларын кошпогондо, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн зоналык коэффициент Кз 1,0 барабар белгиленет.»;
135) 390-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
136) 391-беренеде:
а) 1-бөлүктө «курорттук-ден соолукту чыңдоочу субъекттин» деген сөздөр «курорттук-рекреациялык зоналардын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
137) 395-беренеде:
а) 1-бөлүктөгү «курорттук-ден соолукту чыңдоочу субъекттин» деген сөздөр «курорттук-рекреациялык зоналардын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, турак жай имараттары, курулмалар жана жайлар же ишкердик максаттарда колдонулган анын бөлүктөрү, ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналардын аймагында жайгашкан имараттар, жайлар, курулмалар үчүн мүлк салыгын эсептөө үчүн салыктык база ишкердик иште пайдалануу үчүн колдонулуучу жана/же бөлүнгөн жана/же багытталган, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону ишке ашырган мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлкүнүн бирдигинин техникалык паспортунда көрсөтүлгөн мекемелик, административдик, соода, кампа, өндүрүш, маданий-тиричилик, кызматтык жана башка жайларын ички өлчөө боюнча жалпы аянтынын өлчөмү тууралуу маалыматтардын негизинде аныкталат. Ушул главанын максатында турак жай имараты, курулма же жай, же ишкердик максатттарда колдонулган анын бөлүгү, ошондой эле курорттук-рекреациялык мекеменин аймагында жайгашкан турак жай имараты же жай боюнча салык базасы ушул Кодекстин 376-беренесинде жана 392-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартипте аныкталат.»;
138) 398-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
«6. Көп батирлүү үйлөрдүн жанындагы, короосунун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогуна мүлк салыгын төлөө боюнча милдеттенме турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлерине алардын турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүндөгү үлүшүнө пропорциялуу түрдө жүктөлөт. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин мүлкүн башкарууну башкаруучу компанияларга, башкаруучуларга, турак жай менчик ээлеринин шериктиктерине, кондоминиумдарга же турак жай-эксплуатациялык кооперативдерге өткөрүп берүүдө үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогуна мүлк салыгын төлөө боюнча милдеттенме башкаруучу компанияларга, башкаруучуларга, турак жай менчик ээлеринин шериктиктерине, кондоминиумдарга же турак жай-эксплуатациялык кооперативдерге жүктөлөт.»;
139) 401-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогунун бир чарчы метринин базалык салыктык наркы БСН, эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, участоктун багытына жараша төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:
Облустарда жана райондордун аталышы
Базалык салык наркы (сом/чарчы метр)
Сугат айдоо жери
Кайрак айдоо жер
Көп жылдык өсүмдүк- төр
Чабын-дылар
Жайыттар, кысыр аңыздар
1
2
3
4
5
6
Баткен облусу
Баткен району
402
61,95
223,5
-
11,55
Лейлек району
402
61,95
223,5
36,45
11,55
Кадамжай району
412,5
61,95
225
36,45
19,05
Жалал-Абад облусу
Аксы району
459
85,05
289,5
23,85
20,4
Ала-Бука району
459
61,95
306
33,75
14,85
Базар-Коргон району
621
61,95
330
46,35
23,1
Ноокен району
621
61,95
289,5
36,6
23,1
Сузак району
621
61,95
330
46,35
23,1
Тогуз-Торо району
334,5
93,45
-
49,5
19,35
Токтогул району
358,5
93,45
301,5
45,6
19,35
Чаткал району
291
93,45
-
39,75
19,35
Ысык-Көл облусу
Ак-Суу району
559,5
131,25
259,5
45,6
15,9
Жети-Өгүз району
457,5
112,35
252
35,7
11,55
Ысык-Көл району
420
102,9
232,5
35,7
11,55
Тоң району
354
58,8
178,5
30,6
10,65
Түп району
568,5
131,25
261
43,65
22,5
Нарын облусу
Ак-Талаа району
307,5
55,5
-
37,65
6,75
Ат-Башы району
286,5
81,45
-
32,55
6,75
Жумгал району
294
55,5
-
37,65
6,75
Кочкор району
322,5
55,5
-
37,65
6,75
Нарын району
294
81,45
-
31,65
7,95
Ош облусу
Алай району
348
93,45
-
41,55
7,95
Араван району
654
61,95
339
22,8
19,05
Кара-Кулжа району
348
93,45
175,5
41,55
7,95
Кара-Суу району
679,5
61,95
369
41,85
18
Ноокат району
619,5
93,45
349,5
41,7
19,05
Өзгөн району
619,5
93,45
352,5
50,55
20,85
Чоң-Алай району
274,5
-
-
31,65
8,25
Талас облусу
Бакай-Ата району
477
78,75
246
-
11,1
Айтматов району
525
54,6
247,5
16,8
7,2
Манас району
496,5
54,6
249
16,8
7,2
Талас району
445,5
78,75
246
16,5
7,2
Чүй облусу
Аламүдүн району
600
84,75
313,5
34,65
16,2
Жайыл району
1) Чүй зонасы
493,5
101,85
319,5
30,6
16,2
2) Суусамыр зонасы
283,5
51,75
-
16,95
15
Ысык-Ата району
600
111,3
319,5
44,55
16,2
Кемин району
531
120,75
316,5
44,55
16,2
Москва району
588
100,8
322,5
44,55
11,7
Панфилов району
543
100,8
322,5
34,65
11,7
Сокулук району
610,5
100,8
316,5
20,85
11,7
Чүй району
600
112,35
316,5
48,6
16,2
»;
140) 402-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«402-берене. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна салыкты төлөөнүн мөөнөтү
Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна мүлк салыгы учурдагы салык мезгилинин 1-ноябрынан кечиктирилбестен төлөнөт.»;
141) 406-берененин 1-бөлүгүндө «эсепке алуу» деген сөздөр «баланстык» деген сөзгө алмаштырылсын;
142) 407-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«407-берене. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жок транспорт каражатына мүлк салыгын эсептөө
Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жок транспорт каражатына мүлк салыгынын суммасы салык базасынын ушул Кодекстин 379-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда белгиленген салыктын ставкасына көбөйтүндү катары эсептелет.»;
143) 409-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
– 1-пункт «I жана II топтогу майыптын» деген сөздөрдөн кийин «, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин жана камкорчуларынын» деген сɵздɵр менен толукталсын;
– расмий тилдеги 3-пунктта «энерго- и ресурсоэффективности» деген сөздөр «энерго-(ресурсо-) эффективности» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүк «Салык төлөөчү» деген сөздөрдөн кийин «турак жай эмес» деген сөздөр менен толукталсын;
144) 411-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
145) 412-берененин 1-пунктунун «в» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«в) иши ушул Кодекстин 183-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон иштин түрлөрүнө кирген ишканалар үчүн имараттарга, курулмаларга жана жайларга мүлк салыгын жана/же калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгын төлөөдөн толук бошотуу;»;
146) 416-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Патенттин негизинде салык төлөгөн жеке ишкер жалданган кызматкерлердин эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ар бир жалданган кызматкерге Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө патент сатып алууга укуктуу. Жумушчуларга жарандык-укуктук келишим (контракт, жалдоо) боюнча бир жолку жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдө алардын ишинин алкагында бюджетке киреше салыгын эсептөө, кармап калуу жана которуу ушул Кодекстин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.»;
147) 418-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
«5. Чет өлкөлүк уюмдун бирдиктүү салыкты төлөөчү болуп саналган, иши туруктуу мекемени түзүүгө алып келбеген туруктуу мекеме же өкүлчүлүк аркылуу Кыргыз Республикасындагы булактан алынган кирешесине ушул Кодекстин 2491-беренесине ылайык мындай туруктуу мекемеде же өкүлчүлүктө салык салынууга тийиш.
6. Чет өлкөлүк субъекттин бирдиктүү салыкты төлөөчү болуп саналган салык төлөөчүнүн эсебинен мындай субъекттин тапшырмасы боюнча алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан кирешесине ушул Кодекстин 2492-беренесине ылайык мындай салык төлөөчүдө салык салынууга тийиш.»;
148) 419-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн банкка жана субъектке;»;
149) 422-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
«11. Салык төлөөчү бир эле учурда иштин бир нече түрүн жүзөгө ашырууда салык базасы болуп иштин ар бир түрү боюнча өзүнчө товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча эсептелет.»;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5) электрондук соода аянтчасында жүргүзүлүүчү соода иши болуп салык төлөөчүнүн эсебине түшкөн акча саналат.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4. Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча төмөнкү учурларда түзөтүлүүгө тийиш:
1) товарлар толук же жарым-жартылай кайтарылып берилгенде;
2) бүтүмдүн шарттары өзгөргөндө;
3) бүтүмдүн шарттары толук же жарым-жартылай аткарылбаганда.
Түшкөн акчаны түзөтүү товарлар кайтарылып берилген же бүтүмдүн шарттары өзгөргөн салык мезгилинин салыктык базасынын өлчөмүн өзгөртөт.»;
150) 423-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
– 1-пунктта:
«а» пунктчасынын төртүнчү абзацында «ТЭИ ТН 2710197100-2710199800 коддорундагы» деген сөздөр алып салынсын; «б» пунктчасынын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 2-пункттун биринчи абзацында «өндүрүштүк чөйрө» деген сөздөр «товарларды өндүрүү чөйрөлөрү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 14-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 15 жана 16-бөлүктөр менен толукталсын:
«15. Ушул берененин 1, 21, 3, 8, 13-бөлүктөрүндө каралган ставка боюнча салыкты төлөөчү субъект жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттин дарегине товарларды сатууда салыкты 6 пайыздык ставка боюнча төлөйт.
16. Ушул Кодекстин 422-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кирешелер боюнча салык төлөөчү ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда белгиленген ставкалар боюнча салыкты эсептейт жана төлөйт.»;
151) 424-беренедеги «жана ири» деген сөздөр «орто жана ири» деген сөздөргө алмаштырылсын;
152) төмөнкүдөй мазмундагы 4251-берене менен толукталсын:
«4251-берене. Жөнөкөй шериктик келишиминин катышуучулары тарабынан бирдиктүү салыкты төлөөнүн өзгөчөлүктөрү
1. Эгерде жөнөкөй шериктик келишиминин бардык катышуучулары салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде салык төлөсө, мындай шериктик келишимине ылайык эсепке алууну жүргүзүү милдети жүктөлгөн жөнөкөй шериктиктин катышуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салык милдеттенмелерин эсептөөнү жана төлөөнү ушул Кодекстин талаптарына ылайык жүргүзүүгө;
2) пайданы жана чыгашаны кассалык метод боюнча эсептөөгө, аларды келишимге ылайык катышуучулардын ортосунда бөлүштүрүүгө, алар катышуучулардын ар биринде өзүнчө эсепке алынууга тийиш жана эсепке алууну жүргүзүү милдети жүктөлбөгөн катышуучулардын бирдиктүү салыгынын салыктык базасына киргизилбейт.
2. Эгерде жөнөкөй шериктик келишиминин катышуучуларынын бир бөлүгү жалпы салык режиминде, экинчи бөлүгү – салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде салык төлөсө, эсепке алууну жүргүзүү милдети жүктөлгөн жөнөкөй шериктик келишиминин катышуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салык милдеттенмелерин эсептөөнү жана төлөөнү ушул Кодекстин талаптарына ылайык жүргүзүүгө;
2) пайданы жана чыгымды кассалык усул боюнча эсептөөгө, аларды келишимге ылайык катышуучулардын ортосунда бөлүштүрүүгө, алар катышуучулардын ар биринде өзүнчө эсепке алынууга тийиш жана эсепке алууну жүргүзүү милдети жүктөлбөгөн катышуучулардын пайда салыгынын/бирдиктүү салыгынын салыктык базасына киргизилбейт.»;
153) 426-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун «а» пунктчасында, 8, 13-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жеке ишкер жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ар бир жалданма кызматкерге Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө патент сатып алууга укуктуу.»;
154) 430-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«Ушул бөлүккө ылайык товарларды ЭЭЗдин аймагына импорттоодо жана аларды ташып чыгарууда товардын бажы наркынан бирдиктүү салыкты төмөнкүдөй өлчөмдө төлөйт:
– жарым-жартылай кайра иштетилген товарларды ЭЭЗ аймагынан ташып чыгарууда 1 пайыз;
– товарларды ЭЭЗ аймагынан өзгөртүлбөгөн түрдө алып чыгууда 3 пайыз.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-бөлүктөр менен толукталсын:
«9. Чет өлкөлүк уюмдун ЭЭЗ субъекти болуп саналган, иши туруктуу мекемени түзүүгө алып келбеген туруктуу мекеме же өкүлчүлүк аркылуу Кыргыз Республикасындагы булактан алынган кирешесине ушул Кодекстин 2491-беренесине ылайык мындай туруктуу мекемеде же өкүлчүлүктө салык салынууга тийиш.
10. Чет өлкөлүк субъекттин ЭЭЗ субъекти болуп саналган салык төлөөчүнүн эсебинен мындай субъекттин тапшырмасы боюнча алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан кирешесине ушул Кодекстин
2492-беренесине ылайык мындай салык төлөөчүдө салык салынууга тийиш.»;
155) 436-берене төмөнкүдөй мазмундагы 41 жана 42-бөлүктөр менен толукталсын:
«41. Чет өлкөлүк уюмдун майнингге салыкты төлөөчү болуп саналган, иши туруктуу мекемени түзүүгө алып келбеген туруктуу мекеме же өкүлчүлүк аркылуу Кыргыз Республикасындагы булактан алынган кирешесине ушул Кодекстин 2491-беренесине ылайык мындай туруктуу мекемеде же өкүлчүлүктө салык салынууга тийиш.
42. Чет өлкөлүк субъекттин майнингге салыкты төлөөчү болуп саналган салык төлөөчүнүн эсебинен мындай субъекттин тапшырмасы боюнча алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан кирешесине ушул Кодекстин 2492-беренесине ылайык мындай салык төлөөчүдө салык салынууга тийиш.»;
156) 443-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Ушул главанын жоболору төмөнкүдөй болуп саналган салык төлөөчүнүн ишине карата колдонулат:
1) домендик аталышты же Кыргыз Республикасында катталган IP-дарегин пайдалануунун негизинде товарларды сатуу боюнча электрондук түрдө кызмат көрсөтүү боюнча уюм жана жеке ишкер;
2) Кыргыз Республикасынын товарларды сатуу боюнча электрондук соода жөнүндө мыйзамдарына ылайык соода платформасынын оператору;
3) ушул Кодекстин 174-беренесинин 581-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн, маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуунун негизинде товарларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө максаттуу микрокредиттерди берүү жана алардын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү боюнча тутумдагы төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн катышуучусу.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 41 жана 42-бөлүктөр менен толукталсын:
«41. Чет өлкөлүк уюмдун электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салыкты төлөөчү болуп саналган, иши туруктуу мекемени түзүүгө алып келбеген туруктуу мекеме же өкүлчүлүк аркылуу Кыргыз Республикасындагы булактан алынган кирешесине ушул Кодекстин 2491-беренесине ылайык мындай туруктуу мекемеде же өкүлчүлүктө салык салынууга тийиш.
42. Чет өлкөлүк субъекттин электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салыкты төлөөчү болуп саналган салык төлөөчүнүн эсебинен мындай субъекттин тапшырмасы боюнча алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан кирешесине ушул Кодекстин 2492-беренесине ылайык мындай салык төлөөчүдө салык салынууга тийиш.»;
в) 5-бөлүктүн 2-пункту «ишке карата» деген сөздөрдөн кийин «жалпы салык режимин кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын;
157) 444-берене «Электрондук соода чөйрөсүндөгү» деген сөздөрдөн кийин
«, ошондой эле товарларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө максаттуу микрокредиттерди берүү боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
158) 446-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
159) 450-берене төмөнкүдөй мазмундагы 41 жана 42-бөлүктөр менен толукталсын:
«41. Чет өлкөлүк уюмдун оюн-зоок ишине салыкты төлөөчү болуп саналган, иши туруктуу мекемени түзүүгө алып келбеген туруктуу мекеме же өкүлчүлүк аркылуу Кыргыз Республикасындагы булактан алынган кирешесине ушул Кодекстин 2491-беренесине ылайык мындай туруктуу мекемеде же өкүлчүлүктө салык салынууга тийиш.
42. Чет өлкөлүк субъекттин оюн-зоок ишине салыкты төлөөчү болуп саналган салык төлөөчүнүн эсебинен мындай субъекттин тапшырмасы боюнча алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан кирешесине ушул Кодекстин 2492-беренесине ылайык мындай салык төлөөчүдө салык салынууга тийиш.»;
160) 457-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык акциздик товарларды (ТЭИ ТН 2710197100-2710199800, 3403 19 900 0, 3811 90 0000, 3811 21 000 0, 3811 19 000 0 товардык позицияларында классификацияланган товарлардан тышкары) – мотор майларын, жуучу каражатты, автохимияны жана кошундуларды, ошондой эле сатып өткөрүүгө атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылган товарларды сатып өткөрүүнү кошпогондо, соода ишине карата колдонулат.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 51 жана 52-бөлүктөр менен толукталсын:
«51. Чет өлкөлүк уюмдун өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыкты төлөөчү болуп саналган, иши туруктуу мекемени түзүүгө алып келбеген туруктуу мекеме же өкүлчүлүк аркылуу Кыргыз Республикасындагы булактан алынган кирешесине ушул Кодекстин 2491-беренесине ылайык мындай туруктуу мекемеде же өкүлчүлүктө салык салынууга тийиш.
52. Чет өлкөлүк субъекттин өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчү болуп саналган салык төлөөчүнүн эсебинен мындай субъекттин тапшырмасы боюнча алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан кирешесине ушул Кодекстин 2492-беренесине ылайык мындай салык төлөөчүдөн салык алынууга тийиш.»;
161) 459-беренеде:
а) расмий тилдеги 1-бөлүктө «зонах» деген сөз «зоне» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Салык төлөөчү өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчү катары арызды өзгөчө режимдеги соода зонасынын жайгашкан жери боюнча салык органына мындай иш башталганга чейин берүүгө милдеттүү. Салык органы арызды карагандан кийин өзгөчө режимдеги соода зонасында салык төлөөнү колдонуу же колдонуудан баш тартуу жөнүндө тиешелүү чечимди чыгарат. Ушул беренеде белгиленген шарттарга шайкеш келбеген учурларда салык органы өзгөчө режимдеги соода зонасында салык төлөөнү колдонуу же колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу чечимди чыгарат. Арыздын жана чечимдин формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет. Эгерде салык төлөөчүдө эки же андан көп соода орундары болсо, анда өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчүнүн арызында түшкөн акчанын көлөмү ар бир соода орду боюнча өзүнчө көрсөтүлөт. Арызда төмөнкү маалымат көрсөтүлүүгө тийиш:
– салык төлөөчүнүн аталышы;
– салык төлөөчүнүн юридикалык дареги;
– идентификациялык салык номери;
– өткөн календардык жылдагы финансылык иштин натыйжалары;
– учурдагы же алдыдагы календардык жылда алуу пландалган түшкөн акчанын көлөмү;
– учурдагы же алдыдагы календардык жылда алуу пландалган түшкөн акчанын көлөмүнө ылайык аныкталган салыктын суммасы.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
«21. Эгерде салык төлөөчү учурдагы календардык жылдын 20-декабрына чейин өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчү катары кийинки календардык жылга арыз бербесе, салык кызматынын органы салык төлөөчүнүн жеке кабинетине өзгөчө режимдеги соода зонасында салык төлөөнү колдонуу же колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечимди кийинки календардык жылга автоматтык түрдө узартуу жөнүндө билдирүү жиберет.»;
г) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Жеке ишкер жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ар бир жалданма кызматкерге Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдө патент сатып алууга укуктуу.».
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230022035/st-2492" title="2492-берене - Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>