# 240-берене. Спиртти жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-240>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5481/edition/26557/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022035/st-240.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 240-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-240

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп бербеген спиртти же алкоголдук продукцияларды ири өлчөмдө мыйзамсыз өндүрүү же сатуу максатында сактоо, ага тете мыйзамсыз өндүрүлгөндөрүн сатуу –

2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар –

5000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, этиятсыздыктан оор зыян алып келген жосундар –

7000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган, юридикалык жактардын жооптуу адамдары тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар, –

10000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде ири өлчөм деп жүз жана андан ашык литр спирттин жана алкоголдук продукциянын саны, өзгөчө ири өлчөм деп спирттин жана алкоголдук продукциянын эки жүз жана андан ашык литри таанылат.»;

3) 243-берененин эскертүүсүнүн 2-пунктунда «30 календардык күндүн» деген сөздөр «үч айдын» деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [239-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-239)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-6)
