# 239-берене. Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5481/edition/26557/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022035/st-239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 239-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-239

---

маркаларсыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз жана/же отун маркерсиз жүгүртүү

1. Милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон, ири өлчөмдө жасалган продукцияны акциздик маркаларсыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз жана/же отун маркерсиз өндүрүү, сактоо, импорттоо же сатып өткөрүү, ага тете идентификациялоо каражаттарын колдонуунун белгиленген тартибин жана/же эрежелерин бузуу, –

3000ден 5000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар –

5000ден 7000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде:

– ири өлчөм деп наркы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсе ашкан продукциянын өлчөмү же эки жүз же андан көп бирдиктеги акциздик маркасыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз жана/же отун маркерисиз продукциянын саны таанылат;

– өзгөчө ири өлчөм деп наркы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн миң эсе ашкан продукциянын өлчөмү же беш жүз же андан көп бирдиктеги акциздик маркасыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз жана/же отун маркерисиз продукциянын саны таанылат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-5)  
Кийинки берене: [240-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-240)
