# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5481/edition/26557/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022035/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

724-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «4. Заемдорду берүү боюнча төмөнкүлөр кесиптик иш болуп саналбайт: жеке жак тарабынан жеке жакка пайызсыз заем берүү; иши ушул главанын 2-параграфынын жоболору менен жөнгө салынуучу иш берүүчүнү кошпогондо, иш берүүчүнүн кызматкерге заемдорду берүү; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык түзүлгөн фонд тарабынан ишкердик ишти өнүктүрүү үчүн пайыздарды жана комиссияларды албастан заемдорду берүү; баалуу кагаздардын соода-сатык бүтүмдөрүн жүзөгө ашыруу үчүн брокер тарабынан кардарга заемдорду берүү; мыйзамда каралган башка учурлар.».

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-3)
