Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-берене
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы
«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж, № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлɵр киргизилсин:
1) 22-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштеткен жана/же пайдалуу кендерди иштетүү максатында жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болгон тоо-кен казып алуучу ишканаларга;»;
2) 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5. Субъекттерди жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка тапшырык берүү үчүн колдонулуучу маалыматтык тутумуна кошуу кызматтарын көрсөткөн, уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчик түрүнө карабастан юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар, алардын обочолонгон бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү), жеке ишкерлер жеке жактын жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка заказ берүү үчүн колдонулуучу маалымат тутумун пайдалануу менен иш жүргүзүүдөн алган кирешесинен камсыздандыруу төгүмдөрүн ошол жеке жактын пайдасына төмөнкүдөй кармап калышат жана төлөшөт: 2025-жылдын сентябрынан 2028-жылга чейин – 1 пайыздан кем эмес өлчөмдө; 2028-жылдан тартып 2030-жылга чейин – 2 пайыздан кем эмес өлчөмдө; 2030-жылдан тартып – 5 пайыздан кем эмес өлчөмдө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго – 90 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна – 10 пайыз. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.»;
3) 9-статьянын 6-пунктунун «в» пунктчасынын биринчи абзацында «7-статьянын 4-пунктуна» деген сөздөр «7-статьянын 4, 5-пункттарына» деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 10-статьянын 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы «в» пунктчасы менен толукталсын:
«в) жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка заказ берүү үчүн колдонулуучу маалымат тутумун пайдалануу менен иш жүргүзгөн жана киреше алган жеке жактар.»;
5) 13-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– турак жай менчик ээлеринин шериктиктери.».
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230022035/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>